"Тажикстандын куралдуу агрессиясына каршыбыз" Түштүк Кореяда тынчтык митинги өттү
RU

"Тажикстандын куралдуу агрессиясына каршыбыз" Түштүк Кореяда тынчтык митинги өттү

Все самое интересное в Telegram

Түштүк Кореядагы кыргыздар "Тажикстандын куралдуу агрессиясына каршыбыз" деп тынчтык митингине чыгышты

Кечээ, 10-майда Түштүк Кореяда жашаган кыргыздар Тажикстандын элчилигинин алдында нааразалык акциясына чыгышты.

Кореяда жашап жаткан кыргыз студенттер, ишкерлер жана жумушчулар Тажик бийлигин айыптап, төмөндөгүдөй талаптарды коюшту:

  • Тажикстандын бийлиги Кыргыз Республикасындагы жөнөкөй жарандарды өлтүргөнү үчүн кечирим суроосун;
  • Тажик бийлиги Кыргызстанга бастырып кирген куралдуу күчтөрүнүн жетектегендерди жана Баткендеги жашоочуларды өлтүргөндөрдү жоопко тартуусун;
  • Тажик бийлиги тараптан келтирилген чыгымдардын ордун толтуруп берүүсүн;
  • Келечекте Тажикстандан буга окшогон аскердик агрессиянын алдын алуусун;
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1583