Татарстандагы дрондордун соккусунан кыргыз жараны жабыркады
RU

Татарстандагы дрондордун соккусунан кыргыз жараны жабыркады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Татарстандын Елабуга жана Нижнекамск шаарларындагы ишканаларга учкучсуз учак аппараттарынын кол салуусунан улам алты адам жабыркаганы маалымдалган. Анын бирөө Кыргыз Республикасынын жараны экенин Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Тышкы саясий ведомствонун маалыматына караганда, 2007-жылы туулган И.А.Б. орто жаракат алган.

Кыргыз Республикасынын Казань шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери жаракат алган кыргыз жаранынын ден соолугунун абалы тууралуу кабар алышат дешет министрликтен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15852