Сокулукта убактылуу кармоочу жайга киргизилген киши асынып алган
RU

Сокулукта убактылуу кармоочу жайга киргизилген киши асынып алган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайынын камерасында 41 жаштагы жаран асынып алды. ИИМден билдиришкендей, алдамчылыкка шектелген киши бүгүн, 2-апрелде суицид жасаган.

Министрлик бул иш жана андан кийинки жүргүзүлүүчү иш-чаралар ИИМдин жана Чүй ОИИББдин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынганын маалымдады.

Окуянын жагдайлары такталып, кызматтык текшерүү башталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө тийиштүү кызматкерлердин кыймыл-аракеттерине баа берилип, күнөөлүлөргө чаралар көрүлөт.

Процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн материалдар тиешелүү органдарга жөнөтүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15853