Стамбулдагы түнкү клубдан чыккан өрттөн каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок
RU

Стамбулдагы түнкү клубдан чыккан өрттөн каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Стамбул шаарындагы көп кабаттуу имараттан чыккан өрттөн каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргыздар жок экенин маалымдайт.

Ведомстводон билдиришкендей, бул маалымат жергиликтүү органдардын алдын ала берген маалыматы.

Белгилесек, Стамбулдун Бешикташ районунда 16 кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө жайгашкан түнкү клубда өрт чыккан. 3-апрель күнү эртең менен 29 адамдын каза болгону белгилүү болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15856