Акыйкатчы: Каракол мэриясы шаар тургунунун үйүн алып, өзүн көчөдө калтырган
RU

Акыйкатчы: Каракол мэриясы шаар тургунунун үйүн алып, өзүн көчөдө калтырган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Каракол шаарынын тургуну Сурия Матниязова укуктары бузулганын айтып, акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага кайрылды. Ал Каракол шаардык мэриясы жер тилкесин турак үйү менен алып койгонуна даттанган.

Айтымында, 1997-жылы Каракол шаарынын мэриясы мамлекеттин муктаждыгына деп анын жер тилкесин турак үйү менен муниципалдык менчиктин карамагына алганын айтып, ордуна мэрия ага батир берген.

"Бирок кийинчерээк менчиктештирүүнү негиз кылып аталган батирди талашкан башка адамдар пайда болгон. Аял ошол убакыттан тартып 26 жылдан бери соттошуп келет. 2008-жылы сот Матниязованы бул батирден чыгаруу чечимин чыгарып бирок мэрияны Каракол шаарынан аны турак жай менен камсыз кылууну милдеттендирген. Ага карабастан ушул кезге чейин соттун чечими аткарылбай келет", - дешет институттан.

2020-жылы 3-мартта Каракол шаарынын прокуратурасы укук бузууларды жоюу тууралуу сунуш чыгарган. Бирок Матниязованын айтымында, 1997-жылы мэрия алган жер тилкеси менен үйүнүн ордуна башка турак жай ала албай келет.

Ал Каракол мэриясынын имаратында баш калкалоого мажбур.

Матниязова Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын жеке кабылдамасында бир нече жолу болуп, институттун кызматкерлери анын соттук отурумдарына мониторинг жүргүзүп келишет. 2023-жылдын ноябрь айында акыйкатчы Ысык-Көл облусунун эли менен жолугушуу учурунда, президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүн Матниязованын укуктарын камсыздоого чакырган.

Өз кезегинде ыйгарым укуктуу өкүл абалды өз көзөмөлүнө аларын айткан. Ошого карабай мэрия соттун чечимин аткарбагандыгын жана ал дагы деле турак жай ала электигин айтып, Матниязова кайрадан акыйкатчыга келген.

"Ысык-Көл облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү алмашып кетип, жаңысынын кабылдамасына кире албай жатам",- деп арызданды.

Акыйкатчы мамлекеттик органдарды соттун чечимин жана прокурордун сунушун аткарууга, ошондой эле күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чакырат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15857