117 баткендик жарандын документтери тез арада калыбына келтирилет
RU

117 баткендик жарандын документтери тез арада калыбына келтирилет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

МККнын кызматкерлери кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак учурунда жапа чеккен жарандарды документтештирүү боюнча иштерди жүргүзүштү. Көк-Таш, Максат айылдарында жана Баткен шаарында калкты мобилдик тейлөө борборлору тез арада жоголгон документтерди калыбына келтирүү боюнча арыздарды алышты, деп МККнын басма сөз кызматы маалымдады.

49 паспорт (ID-карта), 34 туулгандыгы тууралуу күбөлүк, 10 нике күбөлүгү, 12 айдоочулук күбөлүк, 1 транспорттук каражатты каттоо жөнүндө күбөлүк, 7 өлүм жөнүндө күбөлүк - алардын алтысы калыбына келтирүү, бирөөсү жаңыдан алуу боюнча арыздар кабыл алынды. Мобилдик топтун кызматкерлери бардык керектүү формаларды толтуруп, сүрөткө тартып, керектүү маалыматтарды топтошту.

Мындан тышкары, Бишкектик ТжОИИБдо Калкты тейлөө борборунун мобилдик тобу Баткен коогалаңында ID-паспортторун жоготкон төрт жаранды документтештирүү кызматын жеринде көрсөттү, деп билдирүүдө жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1585