Бишкек ШИИББдин айрым кызматкерлери кармалды
RU

Бишкек ШИИББдин айрым кызматкерлери кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек ШИИББдин айрым кызматкерлери опузалап талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул туурасында УКМКдан маалымдашты.

Белгилүү болгондой, ички иштер органдарындагы коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча системалуу иштер жүргүзүлүүдө. Анын алкагында 3-апрелде УКМК менен ИИМдин Ички чалгындоо кызматы 160 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек ШИИББдин тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага тергөөчүсү, милициянын подполковниги К.Б.М., кылмыш иликтөө бөлүмүнүн тескөөчүсү, милициянын майору А.А.Э., ошондой эле ортомчу катары иш алып барган А.Э.Э. аттуу жаран кармалды.

Тергөөнүн жыйынтыгында жаранга кылмыш ишин козгоп, жоопкоо тартуу шылтоосу менен акча талап кылынгандыгы аныкталды. Жүргүзүлгөн тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө жогоруда аталган адамдардын кызматтык бөлмөлөрүндө пара катары алынган 80 миң сом акча, ошондой эле 30 миң сомдон ашык суммадагы башка далилдер (жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаттарынан төлөнгөн чектер жана квитанциялар) алынды.

Жогорудагы кызмат адамдары УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда укук коргоо органдарындагы коррупцияны жоюу боюнча тиешелүү иштер улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15866