Энергетика министри өлкөдө канча майнинг-ферма иштеп жатканын айтты
RU

Энергетика министри өлкөдө канча майнинг-ферма иштеп жатканын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев өлкөдө канча майнинг-ферма иштеп жатканын жана канча электр энергиясын сарптап жатканы боюнча маалымат берди.

Жыйында депутат Тазабек Икрамов майнинг-фермалар боюнча маалымат сурады. Анда энергетика министри республика боюнча 31 майнинг-ферма каттоодон өткөнүн, бүгүнкү күндө анын 8и иштеп жатканын билдирди.

  • "Калинин ГЭСи";
  • "Анкай" ЖЧКсы;
  • "Коңур-Өлөң";
  • "Көк-Сай";
  • "Тегерменти";
  • "Сателлит";
  • "Ак-Буура";
  • "Сателлит 205".

"Мунун баары жеке менчик чакан ГЭСтер. Бул ГЭСтердин баары - 25 млн 100 кВт электр энергиясын өндүргөн. Андан тышкары SolarCoin деген компания бар. Ал 2023-жылы 199 млн кВт электр энергиясын колдонгон. 2024-жылдын 3 айында 39,2 млн кВт электр энергиясын пайдаланды. Бул компания энергияны Казакстан аркылуу транзит менен Россиядан түз алат, келишими бар. Калган фирмалар батирлерде катталганы менен электр энергиясын колдонбойт, иштебейт. Биз муну Салык кызматы менен текшердик, такталды", - деди Ибраев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15871