Өспүрүмдөр жыныстык жол аркылуу жукчу инфекциялар жөнүндө эмнени билиши керек?
RU

Өспүрүмдөр жыныстык жол аркылуу жукчу инфекциялар жөнүндө эмнени билиши керек?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жыныстык жол аркылуу жугуучу инфекциялар адепсиз адамдарга гана жугат, сиздин балаңызга тиешелүү эмес деп ойлосоңуз, анда жаңылышасыз. "Дени сак өспүрүмдүн өнүгүүсү, же жыныстык жетилүүнү кантип баштан өткөрүү керек" деген окуу куралынын авторлору ката кетирүүдөн, анын ичинде жыныстык катнашты алсак, эч ким корголгон эместигин айтышат. Анын үстүнө, бала зордук-зомбулуктун курмандыгы болуп калышы мүмкүн. Адистер өспүрүмгө "чоңдордун" жашоосу тууралуу толук маалымат берүү анын ден соолугун сактоого жардам болорун белгилешет. Эмне үчүн маалыматты ата-энелер жеткиргени маанилүүрөөк? Өспүрүм жыныстык жол аркылуу жугуучу инфекциялар жөнүндө эмнелерди билиши керек?

Редакция Республикалык дерматовенерология борборунун дерматовенерологу Ирина Мартыненко менен маектешти. Андан тышкары, макалада окуу ресурстарынан жана куралдарынан материалдар колдонулду.

Эмне үчүн ата-энелер өспүрүмдөр менен жыныстык жол аркылуу жугуучу инфекциялар жөнүндө сүйлөшүшү керек?

Ирина Мартыненко:

- Өспүрүм куракта баланын өздүгү, ой жүгүртүүсү, жүрүм-туруму калыптанат. Кыргызстандык өспүрүмдөрдүн көйгөйү - маалыматтын жетишсиздиги. Чынында, маалымат алууда эч кандай тоскоолдуктар жок: ар бир адамдын колунда гаджеттер бар, алар интернетти ачып, жыныстык жол аркылуу жугуучу инфекциялар боюнча заманбап маалыматтарды билет алат. Бирок, бул жерде кызыкчылыктын жоктугу маселе жаратууда. Өспүрүмдөр бул көйгөйгө туш болмоюнча, алардын билими үстүртөн болот: "Бир жерден уккан", "Бир досу кабылган". Бирок кенен түшүнүк жок.

Өспүрүмдөр арасында сурамжылоо жүргүзүлүп, кандай оорулар жыныстык жол аркылуу жугат деген суроо берилген. Кээ бир респонденттер кургак учук жана ангина оорусун аташкан.

Сапаты начар маалымдулуулук - медициналык гана эмес, медициналык-социалдык көйгөй, анткени билим жана тарбия дагы чоң роль ойнойт. Ошол эле учурда, бул маанилүү тема боюнча бала суроолоруна жооп алышы үчүн ата-энелери менен болгон ишенимдүү мамилеси маанилүү.

Мартыненконун айтымында, орточо эсеп менен 15 жаштан 17 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн 1,5%ы сифилис менен оорушат. Ал эми 18 жаштан 24 жашка чейинки жаштар 16%ды түзөт. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча 2022-жылы 203 адам сифилис оорусу менен дарыгерлерге кайрылган. Ал эми кыргызстандыктар арасында эң көп кездешкен башка оорулар – гонорея, хламидиоз, трихомониазды алсак – 15 жаштан 17 жашка чейинки өспүрүмдөр кайрылгандардын 1%ын түзөт. Жаштар 25%ын түзөт. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2022-жылы гонорея 161 бейтапта, трихомониаз 373 адамда, хламидиоз 327де аныкталган.

Ирина Мартыненко:

- Өспүрүм канчалык көп маалыматка ээ болсо, белгисиздиктен коркуу сезими ошончолук азаят, эмне кылуу керектигин билет. Анын үстүнө, ден-соолукка байланыштуу көйгөйлөрдү алдын алып, дени сак репродуктивдүү системасы бар келечек муундарды өстүрөбүз.

Дагы бир жолу кайталай кетейин: түшүндүрүү иштери биринчи кезекте үй-бүлөдө жүргүзүлүшү керек. Бул профилактика жагынан гана маанилүү эмес. Көйгөйгө туш болгон өспүрүмдөр айыпталуудан абдан коркушат. Бул өзгөчө Борбор Азия өлкөлөрүнө жана КМШ өлкөлөрүнө тиешелүү.

15-16 жаштагы өспүрүм кыз жыныс мүчөсү кычышып жана суюктуктун бөлүнүп чыгып калганын байкады дейли. Ал биринчи кайда барат? Же аны айыптабаган курбусуна барат, же интернетке кирип бир нерсе табат ж.б.у.с.

Өспүрүм дарыгерге кайрылгандан коркоору анык кеп. Анткени, ата-энеси менен ишенимдүү мамиледе болбогон бала, бейтааныш адамдар менен кандай мамиле болушу мүмкүн? Анын үстүнө, суроо аярлуу. Кантсе да, биздин өлкөдө стигма дагы деле бар: жыныстык жол аркылуу жугуучу оорулар уят жана ыплас нерсе деп эсептелет.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, жыныстык катнаш аркылуу (анын ичинде вагиналдык, аналдык жана оралдык секс) 30дан ашык түрдүү бактериялар, вирустар жана мителер жугушу мүмкүн. Кээ бир ЖЖБИ (жыныстык катнаш аркылуу берилүүчү инфекция) энеден балага кош бойлуулук, төрөт жана эмчек эмизүү учурунда да жугушу мүмкүн. ЖЖБИнин эң көп таралышын сегиз козгогучтар шарттайт. Алардын ичинен төрт инфекция – сифилис, гонорея, хламидиоз жана трихомониаз, буларды учурунда айыктырса болот. Калган төрт инфекция – гепатит В, жөнөкөй герпес вирусу, ВИЧ жана адамдын папилломавирусу – вирустук мүнөзгө ээ жана айыктырууга болбойт (дарылоо менен айыктырууну чаташтырып албоо маанилүү). ЖЖБИ дүйнө жүзү боюнча сексуалдык жана репродуктивдүү ден соолукка олуттуу терс таасирин тийгизет.

Булар эмне болгон инфекциялар?

MSD колдонмосуна ылайык:

Сифилис. Адамдын денесинен тышкары көпкө жашай албаган спирохета Treponema pallidum (кубарыңкы трепонема) менен шартталган. Ал былжыр чел же тери аркылуу өтүп, бир нече сааттын ичинде жергиликтүү лимфа бездерине жетип, бүт организмге тез тарайт. Сифилис ар кандай этапта пайда болушу мүмкүн жана көптөгөн органдарга же бир эле органга таасир этиши ыктымал.

Гонорея. Neisseria gonorrhoeae (гонококк) бактериясы козгойт. Эреже катары, уретранын, жатын моюнчасынын, көтөн чучуктун, кекиртектин же конъюнктиванын эпителийи жабыркап, дүүлүктүрүүнү, оорутууну жана ириңдүү суюктуктун агып чыгуусун пайда кылат.

Хламидиоз. Хламидиоздук инфекцияларга Chlamydia trachomatis бактериясы себеп болгон уретра, жатын моюнчасы жана көтөн чучуктун жыныстык жол менен жугуучу инфекциялары кирет. Бул бактериялар көздүн агы (конъюнктив) менен тамакты каптаган кабыкчаларды да жабыркатышы мүмкүн. Уреаплазма жана микоплазма сыяктуу башка бактериялар уретралдык инфекцияларды пайда кылышы мүмкүн. Белгилери: жыныстык мүчөдөн же жыныс кынынан суюктуктун агып чыгуу, оорутуу же тез-тез заара чыгаруу.

Трихомониаз. Trichomonas vaginalis - жыныс кынынын же эркектин жыныс органдарынын инфекциясы. Белгилери байкалбашы мүмкүн же уретрит, вагинит, кээде цистит, эпидидимит же простатитке себеп болушу ыктымал .

Өспүрүмдөргө ЖЖБИ жөнүндө эмнелерди жана кантип айтып берүү керек?

Ирина Мартыненко:

- Ата-эне баланын жүрүм-туруму өзгөргөнүн байкай баштагандан кийин (карама-каршы жыныстагы адамдарга кызыгуусу пайда болгонун) маалыматты жөнөкөй, жеңил формада, эч кандай айыптоого албастан жеткириши керек. Жөнөкөй жана жеткиликтүү түрдө кандай оорулар бар экенин, алар кантип жугарын, алардын белгилери кандай экенин, ошондой эле коргоонун негизги жана эң ишенимдүү ыкмасы – презерватив жөнүндө айтып берүү зарыл.

Репродуктивдүү ден соолук альянсы презервативди туура колдонуу ыкмалары менен бөлүштү.

  • Ар бир катнаш үчүн жаңы презерватив колдонуңуз.
  • Суу негизиндеги нымдоочу майларды колдонуңуз. Вазелин, массаж майлары, денеге арналган лосьондорду колдонбоңуз, анткени алар латексти бузуп, презервативдин айрылышына алып келиши мүмкүн.
  • Эгер презерватив айрылып кеткенин сезсеңиз, жыныстык катнашты токтотуп, презервативди чечип, жаңысын кийиңиз.
  • Эякуляциядан кийин презервативди ичиндегилери төгүлүп кетпеши үчүн кылдаттык менен чечип, салфеткага ороп, таштандыга ыргытыңыз.
  • Эсиңизде болсун, презервативди чөнтөктө, капчыкта, баштыкта же унаанын бардачогунда сактоого болбойт. Мындай жерлерде презервативдин таңгагы көп учурда башка нерселерге сүрүлөт, анан бүтүндүгүнө жана өзүнө доо кетет.
  • Мөөнөтү өтүп кеткен презервативди колдонбоңуз, анткени латекс бузулат.
  • Презервативдерди туура сакталган жерлерден, айталы, дарыканадан сатып алган жакшы.
  • Кеңири таралган ката - бир эле учурда эки презервативди кийүү. Бул колдонууда жогорку сүрүлүүнү пайда кылат жана айрылып кетүү ыктымалдыгы кыйла жогорулайт.

Ирина Мартыненко:

- Практика көрсөткөндөй, кээ бир учурларда презерватив ар дайым эле колдонула бербейт. Мунун көптөгөн себептери бар. Мисалы, кыз өнөктөшүнө презервативди колдонушу керектигин айтуудан уялышы мүмкүн. Анын үстүнө, эгерде анын өнөктөшү ал үчүн кайдыгер эмес болсо, анан ал улуураак болсо, баары жакшы болорун айтса, ага ишенип калат.

Репродуктивдүү ден соолук альянсынын айтымында, эгер эякуляция болбосо, жыныстык жол аркылуу жугуучу инфекциялар жукпайт деген миф бар. Бул калп. Үзгүлтүккө учураган жыныстык катнаш кош бойлуулуктан коргоонун таптакыр ишенимсиз жолу. Мындан тышкары, ал ЖЖБИ жана ВИЧтен коргобойт. Эркектердин сүннөткө отургузуусу дагы инфекциялардан толук коргой албайт.

Ирина Мартыненко:

- Жаштарда ЖЖБИнин алдын алуу үчүн корголбогон жыныстык катнаштан кийин эмне кылуу керектиги боюнча билими жетишсиз болууда. Тескерисинче, бир топ мифтерди жаратууда. Айталы, жыныстык катнаштан кийин самын менен жууп коюу (щелочь бактерияларды өлтүрөт), жөн гана заара кылуу (заара менен бактериялар чыгып кетет) деген сыяктуу. Жаныңда ар дайым гигиеналык антисептиктер болушу керек деген дагы бир жаңылыш пикир бар: хлоргексидин, мирамистин, цитал. Бул продукциялар дарыканаларда сатылат. Булар менен бактерия кетип калат деген максатта сырткы жыныс органдарын тазалашат, же ичине куюшат.

Маанилүү! Бирок, корголбогон жыныстык катнаштан кийин бул ыкмаларды колдогон күндө дагы ЖЖБИге анализ тапшыруу зарыл.

Текшерүүдөн өтүүгө көрсөтмөлөр: корголбогон жыныстык катнаш, шектүү байланыш. Мисалы, кыз өзүнүн өнөктөшүнөн жыныстык органын жагынан кандайдыр бир исиркектерди, кызарууну көрдү дейли. Бирок баягы эле уялуудан жана өнөктөшүнө болгон ашыкча сезиминен улам, суроо бергенден тартынып, баары өз нугунда улана берүүсүнө жол берди кете берди. Бул учурда текшерүүдөн өтүшү керек.

Өспүрүмгө түшүнүктүү болгон жөнөкөй маалыматты айтуу керек: зараа чыгаруу оорутуу же ыңгайсыздык менен коштолсо, ачыштырса же кызаруу, кандайдыр бир суюктуктардын келүүсү, деги эле аны бир нерсе тынчсыздандырса, барып текшерилүү керек.

ЖЖБИнин негизги белгилери (Дени сак өспүрүмдүн өнүгүүсү, же жыныстык жетилүүнү кантип баштан өткөрүү керек" колдонмосунан алынды):

  • жыныс кынынан, жыныстык мүчөсүнөн же көтөн чучуктан адаттан тыш суюктуктар акса (көп, саргыч, көбүктүү, быштак сымал, көбүнчө жагымсыз жыттанган);
  • жыныстык мүчөнүн, анустун айланасында кычышуу, ачыштыруу, дүүлүктүрүү, шишик байкалса;
  • ичтин ылдый жагы ооруса, кыздардын бели; эркектерде урук безинин аймагында;
  • кыздарда менструациянын ортосунда жыныс кынынан кандын агуусу;
  • жыныстык катнаш учурунда оорутуу;
  • заара чыгарууда оорутуу же ыңгайсыздык; тез-тез заара кылуу жана зааранын түсүнүн бозомтук болушу;
  • денеде, жыныстык органдарда, алакандарда, тамандарда исиркектердин пайда болушу;
  • жыныстык органдарда, ооз көңдөйүндө, анустун аймагында жаралар, ыйлаакчалардын, эрозиялардын пайда болуусу.

Ирина Мартыненко:

- Мисалы, өспүрүм дарыгер менен жеке байланышкандан же мамлекеттик медициналык мекемеге барса маалымат ата-энесине жетип калышы мүмкүн экенинен корксо, жеке лабораторияга барып, ошол жактан текшерилсе болот. Мындан тышкары, ар бир өспүрүмгө жоопкерчилик сезими болушу керек экенин жеткирүү зарыл. Мисалы, сенин бир өнөктөшүң болсо, аны менен мамилең токтосо, башкасын жолуктурсаң, чынчыл болуп, ага жугуп калбашы үчүн текшерүүдөн өтүшү керектигин айтуу зарыл.

Маанилүү! Жыныстык жол аркылуу жугуучу инфекция бар жерде ВИЧ да жүрөт. ЖЖБИ былжыр челди жабыркатат, бул ВИЧке эшик болуп саналат, инфекциянын жугуу ыктымалдыгын жогорулатат. Муну эч качан эстен чыгарбоо керек. Кыргызстанда шилекей аркылуу ВИЧке өз алдынча тест тапшыруу үчүн онлайн сервис иштейт. Ал https://www.epictest.live/ деп аталат.

Кайсы ресурстарды колдонсо болот?

ЖЖБИни дарылабаса, күтүлүшү мүмкүн болгон кесепеттер жана татаалдашуулар

Ирина Мартыненко:

- Албетте, бул жерде оорунун өнөкөткө айланып кетүү коркунучу бар. Ал эми бул, экинчи тукумсуздук коркунучу.

Республикалык дерматовенерология борборунан алынган маалыматка ылайык, ЖЖБИ көбүнчө жыныс органдарынын сезгенүү процесстеринен келип чыгат. Сезгенүүдөн кийин спайкалар пайда болот, бул суюктуктардын нормалдуу агымынын бөгөттөлүшүнө алып келет. Жатын түтүкчөлөрүнүн ичиндеги спайкалар тоскоолдукту пайда кылат (жатындан сырткары кош бойлуулук). Эркектерде эпидидимистин түтүкчөлөрүндөгү спайкалар сперматозоиддердин урук суюктугуна кирбей калышына алып келет. Бул балалуу боло албайт дегенди билдирет.

ЖЖБИден улам сезгенүү процесстеринин катаал учурлары да кездешет. Мисалы, аялдар гонорея болгондо, ириң жатын түтүктөрүнөн агып чыгып, хирургиялык кийлигишүүнү талап кылган перитониттин түрүн пайда кылышы мүмкүн.

Сифилис - жыныстык жол аркылуу жугуучу эң коркунучтуу инфекциялардын бири. Антибиотиктердин кыска курсу менен айыктырса болот, бирок бул үчүн ооруну дароо байкаш керек. Бирок, бул оору белгилерин билдирбейт.

Ирина Мартыненко:

- Мисалы, сифилистин инкубациялык мезгили өтө узак. Өнөкөт түрүн дарылоо татаалыраак. Ал эми дарылоо мөөнөтү дагы узак болот. Ошон үчүн ооруну алдын алган жакшы. Өнөкөт оорунун кесепети дайыма оор болот. Анткени инфекциянын өзүн жана ошол эле учурда анын татаалдашын дарылоо керек.

Адистерге кеч кайрылуу көйгөй жаратат. Адатта, бизде, "балким, баары жакшы болуп кетет", "мунун мага тиешеси жок" жана ушул сыяктуу кептер айтылат. Өспүрүмдөрдүн 80%ынын ой жүгүртүүсү ушундай. Алар суюктук келгенде, сезгенүү процесси өтүшкөндө келишет. Башкача айтканда, эч кандай жыныстык катнаш жөнүндө маселе жок болгондо, жаштар медициналык жардамга кайрылышат.

Республикалык дерматовенерология борбору Бишкек шаарында төмөнкү дарек боюнча жайгашкан: Суеркулов көчөсү, 1а (мурдагы Донецкая). WhatsApp -996557070030.

Ата-энелер үчүн санарип энциклопедия (24 статьи)
Стресс суицидке алып келиши мүмкүн. Өспүрүмдөгү тынчсызданууну таануу жолдору
29 Апрель 2024, 13:01
Сүйүүгө кабылган өспүрүмдүн ата-энелери өзүн кандай алып жүрүшү керек?
11 Апрель 2024, 15:55
Эмне үчүн балдарды башкалар менен салыштырган болбойт?
8 Апрель 2024, 13:18
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15905