Жол эрежелерин бузуудан бюджетке 116,3 миллион сом түштү
RU

Жол эрежелерин бузуудан бюджетке 116,3 миллион сом түштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жыл башынын тартып өлкө аймагында 278миң 740 жол эрежелерин бузуу фактылары катталып, мамлекеттик буджетке 116 млн 299 миң 700 сом өндүрүлгөн. Бул туурасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын биринчи чейрек боюнча ыкчам кеңешмесинде маалым болду.

Эреже бузуулардын ичинен:

  • Мас абалында унаа башкаргандар - 3754;
  • Автоээнбаштык жасагандар - 108;
  • Тийиштүү документтери жок унаа башкаргандар - 3014;
  • Жөө адамдардын катышуусундагы эреже бузуулар - 17118;
  • Айдоого укугу жок жарандардын транспорт каражаттарын башкаргандар - 670;
  • Терезелерин караңгылаткандар - 682;
  • Коопсуз курун тагынбагандар - 33132;
  • Жол белгилерине баш ийбегендер - 125435;
  • Башка жол эрежелерин бузгандар - 94827.

Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 23318 унаа айып короо жайына токтотулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15912