"Бакай Банк" Азия чемпионатына, Азия турнирине барчу балбандарды форма менен камсыздады
RU

"Бакай Банк" Азия чемпионатына, Азия турнирине барчу балбандарды форма менен камсыздады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

8-апрелде Бишкек шаарында Азия чемпиондугуна грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшүнө катышуучу балбандар жана Париждеги XXXIII Олимпиада оюндарына катышуу үчүн Азиянын квалификациялык турнирине грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча катышкан балбандарды спорттук форма менен камсыздоо расмий иш-чарасы болуп өттү.

Кыргызстандын Күрөш федерациясынын вице-президенти Алмаз Бекбоевдин айтымында, мындай мыкты деңгээлдеги форма менен кыргыз балбандары биринчи жолу камсыздалып жатат.

"Бул форма америкалык Rudis компаниясы тарабынан биздин балбандар үчүн даярдалган. Мындай комплекттер АКШнын курамасында жана бизде гана болот. Жалпысынан 60 спортчу форма, керек-жарактар менен камсыздалды. Буларды алууга жардам көрсөткөн "Бакай Банкка" ыраазычылык билдиргим келет", - деди Алмаз Бекбоев.

Спортчуларга формаларды тапшыруу учурунда "Бакай Банк" башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Марат Какеев банктын ата мекендик спортко көрсөткөн колдоолору жөнүндө айтып өттү.

"Биздин банк бир гана Күрөш федерациясын колдобостон, акыркы үч жылдан бери Улуттук Олимпиада комитетинин расмий өнөктөшү болуп келүүдө. Спорттун өнүгүүсүнө салым кошуу – "Бакай Банкы" үчүн маанилүү багыт. Спортчуларыбыз бизди кубантып, Париждеги Олимпиададан алтын алып келишерине ишенем",- деди Марат Какеев.

Жакында эле "Бакай Банктын" бренд-амбассадору болгон спортчу Акжол Махмудов иш-чарага катышып, жалпы спортчулардын атынан банкка ыраазычылык билдирди.

Айсулуу Тыныбекова болсо Кыргызстандан катышкан балбандар 2024-жылдын Олимпиада оюндарына болгон лицензияны болушунча көп жеңеринен үмүтү чоң экенин айтты.

"Биздин спортчулар Париждеги Олимпиада оюндарына көп лицензия жеңерине үмүттөнөбүз, күтөбүз жана колдон келишинче сүрөйбүз. Спортчулардын атынан "Бакай Банкына" биздин кураманы эки жыл удаа спорттук форма менен камсыздап келе жатканы үчүн чоң ыраазычылык билдиргим келет. Биздин спортчулар көптөгөн байгелүү орундарды ээлеп, ушул форма менен пьедесталда жанып турушарынан үмүтүм чоң", - деди Айсулуу Тыныбекова.

Эске сала кетсек, 11-апрелден 16-апрелге чейин Бишкек шаарында грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпиондугу, ал эми 19-апрелден 21-апрелге чейин грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Парижде өтүүчү XXXIII Олимпиада оюндарына Азиялык квалификациялык (лицензиялык) турнири өтөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15924