Тайырбек Жумашбек уулу Азиянын эки жолку чемпиону болду
RU

Тайырбек Жумашбек уулу Азиянын эки жолку чемпиону болду

Все самое интересное в Telegram

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөсү Тайырбек Жумашбек уулу Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында алтын медаль утту.

Спортчу 61 кг чейинки салмакта 1\4 финалдык баскычтан баштады. Жалпы 3 беттеш өткөрүп, бардыгында тең жеңүүчү болуп чыкты. Финалдык беттеште коңшу казакстандык Ассыл Айтакын аттуу балбан менен күч сынашып жыйынтыгында 3:1 эсеби менен жеңишке жетти.

Эскерте кетсек, Тайырбек Жумашбек уулу ушуну менен Азиянын эки жолку чемпиону болду. Былтыр, 2023-жылы Астана шаарында (Казакстан) өткөн Азия чемпионатында 1-орунду камсыздаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15928