Садыр Жапаров Улуттук банкта канча тонна алтын бар экенин айтты
RU

Садыр Жапаров Улуттук банкта канча тонна алтын бар экенин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине Улуттук банктын экономиканын өсүшүнө салымы чоң экенин жана резервдеги алтын кору боюнча маалымат берди.

Президенттин айтымында, бүгүнкү күндө жалпы эл аралык резерв 3 миллиард 491 миллион долларга жетти.

"Эгемендүүлүктөн бери 2020-жылга чейин эл аралык резерв болгону 2 миллиард 424 миллион доллар болгон. Улуттук банкыбыздын бүгүнкү командасы 1 миллиард 67 миллион долларды 3 жылда эле үстүнө кошуп койду.

Алтындын запасы боюнча айтсам. 2020-жылга чейин 30 жыл аралыгында болгону 16 тонна алтын чогулган болчу. Бүгүнкү күндө Улуттук банкта 51 тонна алтыныбыз жатат. 3 жылда 35 тонна алтын кошулду. Айырмасын карагыла. 30 жылда 16 тонна, 3 жылда 35 тонна.

Мындан сырткары Улуттук банк инфляциянын деңгээлин бүгүнкү күнү 5,2 пайызга чейин түшүрдү. Салыштырмалуу башка өлкөлөргө караганда бүгүн бизде инфляция ылдый болуп турат. Бул Улуттук банктын туура саясат жүргүзгөндүгүнүн жыйынтыгы", - деген Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15930