Айпери Медет кызы Азиянын эки жолку чемпиону болду
RU

Айпери Медет кызы Азиянын эки жолку чемпиону болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында жеңүүчү болду.

Кыргызстандык балбан 76 кг чейинки салмак ченинде күч сынашып, оюнду 1/4 финалдан баштап, анда индиялык Прия Прия аттуу спортчуну 3:1 эсебинде жеңди. Жарым финалда казакстандык Эльмира Сыздыкованы 5:1 эсебинде артта калтырып финалга чыкты. Ал эми чечүүчү беттеште кытайлык спортчу Юнуян Хуангды 10:7 эсебинде жеңип Азиянын эки жолку чемпиону аталды.

Белгилесек, Айпери Медет кызы 2022-жылы Улан-Батор шаарында (Монголия) өткөн Азия чемпионатында алтын медалга татыган. Мындан сырткары ал үч жолу Азия чемпионатынын күмүш медалын жеңген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15935