Айсулуу Тыныбекова: Машыктыруучум чемпионатка 14 күн калганда мелдештен четтейли деген
RU

Айсулуу Тыныбекова: Машыктыруучум чемпионатка 14 күн калганда мелдештен четтейли деген

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында Айсулуу Тыныбекова алтынчы жолу Азия чемпиону болду. Балбан жеңиштен кийин комментарий берип, чемпионаттын алдында катуу сыркоолоп калганын айтты.

"Биз Парихже өтө турган Олимп оюндарына катышууга максат коюп жаткандыктан Азия чемпионаты биз үчүн маанилүү турнир болду. Түркияда өткөн тандоо турниринде аябай катуу сыркоолоп калдым.

Чемпионатка 14 күн калганда Нурбек Изабеков менен сүйлөшүп, мелдештен чыгалы дегенбиз. Анткени мен өзүмө толук келе элек болчумун. Аябай арыктап кеттим, 2 апта төшөктө жаттым.

Мен спорттук карьерамда бир дагы жолу өз өлкөмдө мындай беттеш өткөргөн эмесмин. Жаракат алып калып же дагы башка себептер жарала берчү. Быйылкы чемпионат Кыргызстанда өтөт дегенде мелдешти аябай күткөм. Машыктыруучум беттештен четтейли дегенине карабай өз өлкөмдө күрөшүү каалоом күчтүү болду. Ден соолугума карабай алтын утканыма аябай кубанычтамын", - деди ал.

Белгилесек, Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, чечүүчү беттеште япониялык Сакура Мотокини 9:6 эсебинде жеңди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15941