"Бонецкий": Биздин компания мыйзамды сыйлаган ири салык төлөөчү ишкана болуп саналат
RU

"Бонецкий": Биздин компания мыйзамды сыйлаган ири салык төлөөчү ишкана болуп саналат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Интелмед" ЖЧКсы (Бонецкий лабораториясына) Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан салынган айып тууралуу билдирүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялангандыгы боюнча билдирүү жасады.

"Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын биздин компаниядан мыйзамсыз имиш деп болжолдоп алган кирешени республикалык бюджеттин кирешесине өндүрүү жөнүндө токтому Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун 2024-жылдын 31-декабрына чейин ишкердик субъекттерин текшерүүгө мораторий жарыялоо жөнүндө жарлыгын одоно бузган. Атап айтканда, биздин компанияга мыйзамсыз текшерүү жүргүзүп, монополияга каршы жөнгө салуу кызматы биздин өндүрүштүк ишмердүүлүгүбүздүн маалыматтары эсептөөлөрүндө атайылап бурмаланып калган.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан биздин компаниянын КР "Атаандаштык жөнүндө" мыйзамын бузган деген эсептөөлөрү чындыкка дал келбей тургандыгын билдиребиз жана биз аларды сотко даттануу менен беребиз.

Андан тышкары жалпыга маалымдоо каражаттарына өзүнүн токтомун берүү менен Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 57-беренесин бузду, анда күнөөлүү мыйзамда каралган тартипте далилдениши жана соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен белгилениши керек деп жазылган.

Айтмакчы, 2020-жылы пандемия башталганда Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаал режими жарыяланган жана ушуга байланыштуу Covid-19 ПЧР-тесттери калк үчүн жашоодо эң чоң зарылдыкка айланганын эстен чыгарбоо керек. Ошол убакта биздин мамлекет жеке бизнеске кайрылып, Covid-19 ПЧР-тесттерин изилдеген кошумча лабораториялык кызматты тез арада уюштурууга жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган.

Өлкөнүн жетекчилигинин өтүнүчүнө биздин компания биринчилерден болуп реакция жасап, ошол учурдагы кыйынчылыктарга жана дүйнөдөгү көтөрүлгөн бааларга карабастан өлкөгө жабдууларды, реагенттерди, беткаптарды жана башка чыгымдалуучу материалдарды алып келген. Ошентип жеке компаниялардын аракети менен өлкөдөгү социалдык көйгөйдү жеңилдетүү мүмкүн болгон.

ПЧР-тест кызматына калктын суроо-талабынын кескин өсүшү пандемияга жана өлкөдөн сыртка чыккан жарандарга мындай тесттин милдеттүү түрдө болушун талап кылууга байланыштуу болгон. Бирок бул биздин компаниянын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы өзүнүн чечиминде далилдөөгө аракет кылгандай, монополиялык жогорку бааларды белгилөөсүнө эч кандай тиешеси жок.

2021-жылдын январында Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен макулдашылган мамлекеттик лабораториялар үчүн баалардын прейскуранты бекитилген. Бир ПЧР-тесттин баасы 1574 сом деп белгиленген. Ошол эле учурда Covid-19 ПЧР-тестин жүргүзүүгө аккредитация алган бардык жеке лабораторияларда мындай тесттин баалары бардык жерде бирдей болгон. Бирок эмнегедир Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын биздин компаниянын гана ишмердүүлүгүнө кызыкканы бул аталган уюмдун бир жактуулугун айгинелейт.

Биздин компания мыйзамды сыйлаган ири салык төлөөчү ишкана болуп саналат, атап айтканда, биз мамлекеттин бюджетине тиешелүү бардык салыктарды жана социалдык чегерүүлөрдү төлөп келебиз: 2020-жылы – 86 850 246 сом, 2021-жылы – 251 019 706 сом, 2022-жылы - 190 478 804 сом, 2023-жылы - 117 006 627 сом.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы мындай популисттик маалымат таратуу менен бизнести өздөрүнүн кызыкчылыгын коргоо үчүн сот органдарына кайрылуу укугунан ажыратууга жана биздин компаниянын ишмердүүлүгүнө карата коомчулукта алдын ала терс пикир жаратууга аракет кылып жатат", - дешет компаниядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15955