Ош облусунда эки айылдын тургундары эвакуацияланды
RU

Ош облусунда эки айылдын тургундары эвакуацияланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 11-майда Ош облусунун Кара-Кулжа районунда Жаңы-Моңол жана Эски-Моңол каналдарынын жээгинен суу ташкындап чыгып, айылдарды каптады.

ӨКМ кабарлагандай, болжол менен саат 05:20да Ак-Кыя, Сары-Булак жана Кара-Кочкор айылдарын каптаган. Андан тышкары Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайку жолун селден кийиники массалар тосуп калган.

Бул айылдардын тургундары эвакуацияланды.

ӨКМдин куткаруучулары Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайку жолдорун тазалашты. Учурда жабыркаган айылдар тазаланып, калыбына келтирилүүдө.

Кара-Кулжа районунда, 8-майда, болжол менен 23:00до жаан төгүп баштаган, ал Кара-Кочкор, Ак-Кыя, Сары-Булак айылдарында елдин жүрүшүнө себепкер болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1595