Манасчы, дастанчылардын, төкмөлөрдүн башын бириктирген театрдын имараты ачылды. Видео
RU

Манасчы, дастанчылардын, төкмөлөрдүн башын бириктирген театрдын имараты ачылды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

18-апрелде Кыргыз улуттук "Манас" театрынын жаңы имаратынын ачылышы өттү. Иш-чарага президент Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, министрлер кабинетинин төагасынын орун басары Эдил Байсалов, башпрокурор Курманкул Зулушев, маданият министри Алтынбек Максутов жана башка мамлекеттик ишмерлер, искусство, маданият өкүлдөрү катышты.

Театр 2021-жылдын сентябрында "Манас" эпосун, ошондой эле чакан эпосторду жана манасчылардын, дастанчылардын чыгармачылыгын сактоо, жайылтуу жана илгерилетүү максатында түзүлгөн. Президенттин жарлыгы менен 2022-жылы театрга улуттук макамы берилген.

Жаңы театрдын имаратынын курулушу 2022-жылы жайында башталган. Эки кабаттуу объекттин жалпы аянты 1 миң 600 чарчы метрди түзөт. Имаратта театрдын чыгармачыл жамаатынын ыңгайлуулугу үчүн бардык зарыл шарттар бар: кенен кийим алмаштыруучу бөлмөлөр жана 300 орундуу концерттик зал.

Учурда театрда манасчы, дастанчы, акын, төкмө болуп жалпы 120дан ашуун өнөрпоз иштейт. Президент бүгүнкү күндө улуу өнөр ээлери мамлекеттин камкордугуна алынганын белгиледи.

"Туура 3 жыл мурда "Манас" театрын ачуу боюнча токтом кабыл алып, андан көп өтпөй атайын жарлык менен ага "улуттук" макам ыйгарылган. Аз гана убакыт өтсө дагы аталган театрдын өнөрпоздору камчы салдырбай иштеп, бир нече республикалык, эл аралык деңгээлдеги айтыш, кароо-сынак, фестиваль, концерттерди өткөрүү менен жамы журтка таанылып чыга алышканы кубандырат.

Бул жаш театр креативдүү долбоорлору менен ТҮРКСОЙ, Түрк академиясы, Түрк маданияты жана мурасы фондусу, Маданий шериктештик фонду, Интерньюс сыяктуу эл арлык уюмдар менен кызматташа баштады.

Буга байланыштуу демилгелүү жаштарыбыздын иш-аракеттерин ар тараптан колдоо максатында "Манас" театрына жаңы имарат салып берүү чечими кабыл алынган. Бүгүн ошол ниетибиз ишке ашып, бир жыл мурда башталган курулуш аяктады", - дейт президент.

Андан кийин театрдын жаңы имараты конокторго тааныштырылып, концерттик залда "Семетейдин анты" прологу көрсөтүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15976