Кыргызстан Оренбург облусуна 350 тонна гумжардам жөнөттү
RU

Кыргызстан Оренбург облусуна 350 тонна гумжардам жөнөттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан Россия Федерациясынын суу каптоодон жабыркаган Оренбург облусуна гуманитардык жардам жөнөттү.

ӨКМдан билдиришкендей, Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 350 тоннадан турган гумжардам жеткирилет.

20 жүк ташуучу (фура) унаадан турган "Жардам кербенин "бүгүн, 20-апрелде жолго чыгып, Казакстан аркылуу Россиянын Оренбург облусуна жеткирүү мерчемделген.

Гумжардамдын курамы өзгөчө кырдаал катталган аймактын элине эң керектүү болгон тамак-аш, турмуш-тиричиликке керектелүүчү буюмдар жана кийим-кече топтомунан даярдалды.

  • Тамак-аш топтомуна: ун, шекер, күрүч, гречка, чай, өсүмдүк майы, эт консервасы, таттуу шире (сок), таттуу азыктары, тез даярдалуучу кесме, кургак сүт, кургак кесмелер.
  • Турмуш-тиричилик буюмдар топтомуна: суу сордуруучу мотопомпа, керебет, матрац, жеңил жууркан (одеяло), жаздык, күрөк, лампочка, кум ташыган замбил (носилка), чатыр.
  • Кийим-кече топтомуна: чоңдор жана балдар үчүн куртка, жылуу ич кийим (термобелье), резина өтүк, курулушка ылайыкталган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15988