Болжолдуу баасы 23 млн сом. Кербен шаарындагы базар мамлекетке кайтарылды
RU

Болжолдуу баасы 23 млн сом. Кербен шаарындагы базар мамлекетке кайтарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарындагы борбордук базар мамлекетке кайтарылды. УКМКнын маалыматына караганда, базардын баасы болжол менен 23 млн сомду түзөт.

УКМК мурда Кербен шаарынын мэриясынын карамагында болгон борбордук базарды Б.М. аттуу жаран мыйзамсыз пайдаланып жатканын аныктады.

Тактап айтканда, 2012-жылы ижара келишиминин негизинде аталган базар Б.М`га 5 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилген. Бирок келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин Б.М. базардын коммуналдык кооперативи менен болжолдонгон сатып алуу-сатуу келишимине таянып, Кербен шаарынын мэриясына ижара акысын төлөөнү токтотуп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жасалма түрдө соттошуп баштаган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жалпы аянты 1,79 га болгон Кербен шаарынын борбордук базары - мал базар, дан базар, жайма базар жана унаа базары 2003-жылдан бери Кербен шаарынын мэриясынын балансында тургандыгы аныкталган.

Мындан улам тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгында аталган базар Б.М. аттуу жаран тарабынан Кербен шаарынын муниципалитетине ыктыярдуу түрдө кайтарылып берилди. Аталган объекттин базар наркы болжол менен 23 млн сомго бааланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16007