Бишкекте күбөлөрдүн көзүнчө аялына кол көтөргөн жаран кармалды
RU

Бишкекте күбөлөрдүн көзүнчө аялына кол көтөргөн жаран кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармакка аялына унаага отур деп буйрук кылып, келин андан коркуп "отурам, тийбечи" деп качып жаткан видео тараган. Окуя Бишкектин Кара-Жыгач конушунда болгону такталды. Октябрь РИИБден билдиришкендей, аялына кол көтөргөн жаран кармалды.

Маалым болгондой, Октябрь районунун ички иштер бөлүмүнө Б.Л. аттуу жаран арыз менен кайрылып, жолдошуна чара көрүүнү суранган. Ал 21-апрель күнү Кара-Жыгач конушунун Кегете-Таш көчөсүндөгү үйүнүн короосунда күйөөсү денесине эч себепсиз залал келтиргенине арызданган.

Аталган факты боюнча 280-берене (Бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1996-жылы туулган К.Т. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16016