Үй-бүлөсү менен айылдан куулуп жаткан окуучу мектеп рэкетчилигине шектелип кармалды
RU

Үй-бүлөсү менен айылдан куулуп жаткан окуучу мектеп рэкетчилигине шектелип кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунда мектеп рэкетчилигине каршы күрөшүү иштери жүргүзүлүп, 9-класстын окуучусу кармалды. Маалыматты облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарга мектеп окуучуларына салык салган баланы жана анын үй-бүлөсүн айылдаштары көчүп кетүүсүн талап кылган видеолору жайылган.

21-апрелде Кемин РИИБине А.Казакбаев атындагы орто мектептин 9-классынын У.К. аттуу окуучусу ошол эле мектептин 8-классынын окуучуларын системалуу түрдө уруп-сабап, опузалап акча талап кылгандыгы боюнча маалымат түшкөн.

Аталган факты боюнча 208-беренеде көрсөтүлгөн (Опузалап талап кылуу) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда 2008-жылы туулган У.К. аттуу окуучу өзүнөн кичүү балдардан акча талап кылганы тастыкталып, милиция бөлүмүнө жеткирилген. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Чүй ОИИББи эскертет! Мектеп рэкетчилиги үчүн кылмышкерлерге карата эркинен ажыратуу кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16027