Бишкекте "Айкөл Коом" маданият фестивалы өттү
RU

Бишкекте "Айкөл Коом" маданият фестивалы өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Жаштарды өнүктүрүү институту" коомдук фонду Эл аралык миграция уюму менен биргеликте 20-апрелде Бишкек шаарында "Айкөл коом" аталышындагы түрдүү маданияттар фестивалын өткөрдү.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, окуу жайлардын 35%дан ашык студенти чет өлкөлүк студенттер болуп саналат. Ошондуктан "Айкөл Коом" фестивалынын максаты - түрдүү маданияттардын жакындашууcу, улуттар аралык өз ара түшүнүүнү бекемдөө болду.

Институт ар бир киши башкалар менен өз салт-санаасын жана үрп-адаттарын, мурасын бөлүшө ала турган аянтча түзүүгө умтулат.

Фестивалдын катышуучулары музыка, ыр, бий, кулинария, кол өнөрчүлүк жана салттуу номерлер аркылуу түрдүү улуттардын аутентикалык маданий элементтерин көрсөтүштү. Фестивалдын коноктору дүйнөлүк маданияттын байлыгына сүңгүү жана каада-салттардын ар түрдүүлүгүнөн ырахаттануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Фестивалдын өзгөчөлүгү ярмарка болду. Анда коноктор маданият элементтери менен таанышып, түрдүү өлкөлөрдүн кызыктуу товарларын көрө алышты. Мында кол өнөрчүлүк буюмдарын, улуттук кийим-кечелерди, кооздук буюмдарын, тамак-аш жана башка көптөгөн нерселер коюлду. Иш-чаранын коноктору Пакистандын улуттук тамактарын жеп көрүп, Өзбекстандын идиштерин сатып алышты.

Каалоочулар ачык абадагы йога сессиясына катышып, хына менен колдоруна сүрөт (михенди) тарттырып жатышты.

Иш-чарага көптөгөн өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты. Мисалы, Индия, Пакистан, Бангладеш, Япония, Кытай, Монголия жана башкалар. Ар бир номер тигил же бул өлкөнүн маданияты тууралуу билүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Мисалы, индиялык студенттер конокторго бийдеги ар бир кыймылдын мааниси тууралуу айлып берип, аларды чогуу бийлөөгө тартышты. Ал эми Түштүк Корея маданиятынын өкүлдөрү кургакчылыкта жамгырды чакыруу үчүн алардын ата-бабалары кандай музыкалык аспаптарда ойношконун айтып беришти.

"Мен бул жерде дагы башка көптөгөн маданияттарды көрдүм, мисалы япон жана кытай маданиятын. Алардын ырчылары мыкты экен. Бул фестивалга катышуу менен өзүм үчүн жаңы дүйнөнү ачтым!" – деди Индиядан келген студент Бода Сандип.

Бишкек шаарынын тургуну Уланбү Попоева 15 жылдан бери ар түрдүү таштардан кооздук буюмдарын жасайт. Ал кыргызстандык ишкерлерди колдоого арналган жарманкеге катышып, төмөнкүлөрдү айтты:

"Биз көп жылдан бери жарманкелерге катышып келебиз. Өркүндөп-өсүп, дагы көптөгөн ушундай иш-чараларда кыргыздын улуттук жана башка улуттар менен алакада ушул жарманкени уюштуруп жатышат, ыраазычылык билдиребиз".

Бишкекте өткөн "Айкөл Коом" фестивалы кубаныч, дем жана жаңы таанышуулар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түздү. Жаштарды өнүктүрүү институту бул укмуштуудай иш-чарага катышкан ар бир жаранга ыраазычылык билдирет жана бул иш-чара ар бир элдин маданий ар түрдүүлүктөрү бааланган дүйнөнү түзүүгө кадам болду деген үмүттө.

Баарыңыздарга катышканыңыздар үчүн рахмат жана каалоочуларды кийинки иш-чарабызга, 18-майда Ош шаарында өтүүчү "Айкөл коом" маданият фестивалыбызга чакырабыз!

Толук маалымат алуу үчүн төмөнкү байланыштарга кайрылса болот:

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16029