Дагы бир алтын кен иштетүүчу компания экологияга зыян келтиргени үчүн жоопко тартылат
RU

Дагы бир алтын кен иштетүүчу компания экологияга зыян келтиргени үчүн жоопко тартылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тоо-кен тармагында иш жүргүзгөн компания экологияга 100 млн. сомдон ашык зыян келтирген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымат таратты.

Берилген маалыматка ылайык, Кыргызстандын Жер кодексине ылайык, айыл чарбасынын жана токой чарба ѳндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтурунун наркы өкмѳт белгилеген тартипте, укук ырастоочу документтерди бергенге чейин жер казынасын пайдалануучу тарабынан тѳлѳнөт.

Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгѳн текшерүү учурунда, тоо-кен тармагындагы "Ч.З" жабык акционердик коомуна айыл чарба жерлеринин жоготуулары үчүн акча каражатын тѳлѳнбѳгѳндүгүнө карабастан, "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Чаткал филиалы аталган компанияга ѳндүрүш үчүн убактылуу жер пайдаланууга күбѳлүк жана 726 га жер тилкесин берип жиберген.

Аны менен катар, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2016-жылдын 5-январындагы токтому менен бекитилген "Айыл чарба жерлерин которууда (трансформациялоодо) айыл чарба ѳндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу наркынын ченемдерин" бузуу менен "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин жогорудагы филиалы тарабынан жоготуулар менен алынбай калган пайда 4 624 620 сом деп эсептелинген.

Бирок, Кыргыз Республикаснын Ѳкмѳтүнѳ караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондору боюнча башкармылыгынын билдирүүсүнѳ ылайык, айыл чарба жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ѳлчѳмү 133 739 682 сом экендиги такталган.

Ошол себептен, облустук прокуратура тарабынан "Ч.З." ЖАКна жана "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Чаткал филиалы менен биргеликте мамлекеттин пайдасы үчүн айыл чарба жоготууларын өз убагында тѳлѳбѳгѳндүктѳрү жана алынбай калган пайданы ѳндүрүү үчүн сотко доо арыз киргизилген.

Чаткал райондук соту тарабынан доо арыз жарым жартылай канааттандырылып, жогорудагы тараптардан 103 307 003 сом ѳндүрүү жѳнүндѳ чечим чыкты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1602