Бишкекте жүргөн казак блогеринин кармалышы боюнча милиция маалымат берди
RU

Бишкекте жүргөн казак блогеринин кармалышы боюнча милиция маалымат берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстандык блогер Айдын Тусупов Бишкекте кармалганын Instagram баракчасы аркылуу билдирди.

Ал баракчасына: "Мени Бишкекте кармап кетишти. Эмне үчүн кармаганы азырынча белгисиз, түшүндүрүшкөн жок. Ички иштер бөлүмүндөмүн", - деп жазган.

Ошондой эле борбор калаада өткөрүүнү пландаган оюну болбой калганын кошумчалаган.

Белгилесек, Айдын Тусупов Бишкектеги казиного барып, ал жерден акча утуп алганын, соцтармактагы баракчасына жазылгандарга Бишкектин көчөлөрүндө акча таратарын айткан. Буга блогер Эртай Исаков нааразы болуп, милиция чара көрсүн деген кайрылуу жасаган болчу.

Бишкектин Октябрь РИИБи казак блогеринин кармалганын ырастап, түшүндүрүү иштеринен кийин бошотулганын билдирди.

"Айдын Тусупов баракчасына жарыялаган видеонун негизинде профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, андан кийин бошотулду. Ошондой эле "Ынтымак" сейил багында тартылган видеодо дагы бир адам адепсиз сөздөрдү айткан, ал изделип жатат", - дешти милициядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16030