Бир нече министрлер, жетекчилер эскертүү жана сөгүш алышты
RU

Бир нече министрлер, жетекчилер эскертүү жана сөгүш алышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин жарлыктарынын аткарылышы жана президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн аппараттарында, райондук мамлекеттик администрацияларда жана мамлекеттик органдарда аткаруу тартибинин абалы боюнча маселелерди кароонун жыйынтыгы боюнча бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилерине тартиптик жазалар берилди.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, төмөнкү министрлерге, орун басарларына жана жетекчилерге эскертүүлөр берилип, сөгүш жарыяланды.

Эскертүү алгандар:

  • Кулубаев Жээнбек - тышкы иштер министри;
  • Талантбек Иманов - Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору;
  • Буржуев Азамат - президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр бөлүмүнүн санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы.

Сөгүш алгандар:

  • Нурия Кутнаева - санариптик өнүктүрүү министри;
  • Тилек Текебаев - транспорт жана коммуникациялар министри;
  • Алтынбек Максүтов - маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
  • Жумамүдүн Жумалиев - санариптик өнүктүрүү министринин орун басары;
  • Арыкбаева Бүбүжан - саламаттык сактоо министринин орун басары;
  • Раимкулова Асель - жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары;
  • Элчибек Жантаев - президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.

Мындан тышкары президенттин администрациясынын коллегиясынын чечими менен бир катар жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерин ээлеген кызматынан бошотуу боюнча Садыр Жапаровго сунуштар киргизилет дешет Министрлер кабинетинен.

Башкы беттеги сүрөт: Министрлер кабинети.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16032