Көңүл буруңуз! Бишкек менен Оштогу аянттарда айт намаз окулбайт.
RU

Көңүл буруңуз! Бишкек менен Оштогу аянттарда айт намаз окулбайт.

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан дин башкармалыгынын чечимине ылайык айт намаз Бишкектин эски аянтында жана Оштун негизги аянтында окулбайт. Бирок санитардык талаптарды сактоо менен мечиттерде окууга уруксат берилди.

Бишкек шаардык муниципалитети шаардыктардан бардык санитардык талаптарды сактоосун өтүнөт.

Айт намазы Бишкектеги жана өлкө аймагындагы бардык мечиттерде окулат. Санитардык талаптарды бекем сактайлы!

Орозо айт намазы 13-май күнү Бишкек шаарындагы жана өлкө аймагындагы бардык мечиттерде окулуп, таңкы саат 07:00до башталмакчы.

Айт намаздын программасы

07:00-07:15 - Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыевдин куттуктоосу жана баяндамасы;

07:15 - Айт намаз.

Эскертүү: Айт намазга келген ар бир жаран санитардык эрежелерди так сактоосу талап кылынат.

  • Бет каптын болуусу талап кылынат
  • Ар бир адам жайнамазын ала келүү сунушталат
  • Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрдик аралыкты так сактоо
  • Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат
  • Дааратты үйдөн алуу
  • Жаш балдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын келбөөсү талап кылынат
  • Айт намазы мечиттерде окулуп бүткөн соң көп убакытка кармалбай тарап кетүү сунушталат
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1603