Стоматологиядагы кыздын өлүмү. Сабалган дарыгердин апасы Жапаров менен Ташиевге кайрылды
RU

Стоматологиядагы кыздын өлүмү. Сабалган дарыгердин апасы Жапаров менен Ташиевге кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

24-апрелде Бишкектин Октябрь райондук сотунда стоматологияда каза болгон үч жашар кыздын иши боюнча соттук отурум башталганда жабырлануучу тараптын өкүлдөрү кош бойлуу айыпталуучуну жана адвокаттарды сабап салышкан.

Бул фактынын негизинде Октябрь райондук соту, айыпталуучулар жана башка адамдар тиешелүү органдарга кайрылышкан. Сот бул жагдайды сот адилеттигине кысым катары баалаган.

Айыпталып жаткан дарыгердин апасы президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жана Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбековго кайрылган. Айтымында, анын үй-бүлөсүнө төрт айдан бери коркутуп-үркүтүүлөр болуп келет.

"Соттон кийин мен унчукпай отура албайм. Сотто сегиз айлык боюнда бар кызымды чачынан кармап, курсагына тээп, мурдун канатып жиберишти. Күйөө баламды сабап салышты. Кызымды ошол жерден "Тез жардам" менен алып кетишкен. Ал азыр баш мээси чайкалып ооруканада жатат. Баланы жоготуп алуу коркунучу бар. Сотто милиция кызымды коргой алган жок. Сотко эч кандай кысым болбошу үчүн биз сот процесстерге катышпай жатабыз, бирок экинчи тарап – 50-60 адам сотко басым жасап жатат.

Кызымды "Тез жардам" алып кеткенден кийин, алардын артынан эки машина барды. Алар төрөт үйүнө жетип, ошол жерден коркутушкан. Кызмдын ичине бычак сайып, күйөөсүн өлтүрөбүз дешиптир. Коркутуулар уланууда. Даниярды өлтүрөбүз, кызымдын курсагын жарабыз, балаңды бер дешкен. Биз коркуп жатабыз", - деди айыпталуучунун апасы.

Ал бийликти мыйзамдын негизинде чечим чыгарууну камсыздоого чакырат.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын декабрь айында КММАнын медициналык борборунда тиш дарылоо учурунда үч жашар кыз чарчап калган. Баланын ата-энеси ал жакка жеке стоматологиялык клиникадан дарыланууга жөнөтүлгөн.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесинин "Медициналык же фармацевтика кызматкеринин кесиптик милдеттерин талаптагыдай эмес аткаруусу" боюнча кылмыш иши козголгон.

Экспертизанын жыйынтыгында кыздын өлүмүнө анальгин жана кетонал препараттарын колдонуунун натыйжасында пайда болгон анафилактикалык шок себеп болгон. Милиция кызматкерлери медициналык борбордун анестезиологу жана директорун кармашкан.

Саламаттыкты сактоо министрлиги КММАнын медициналык борборунун стоматологиялык бөлүмү жабылып, жеке стоматологиялык клиника иштебей жатканын, бир катар дарыгерлер иштен алынганын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16042