Өзгөндө сел сегиз жашар баланы агызып кетип каза болду
RU

Өзгөндө сел сегиз жашар баланы агызып кетип каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Өзгөн районунда сегиз жаштагы баланы сел агызып кетип каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, кечээ, 11-майда Коммунист жана Токтогул айылдарында катуу жаан-чачындан улам үйлөрдүн короо-жайын суу каптаган. Ал эми Акжар айылында сел жүргөн. Анын натыйжасында, мал кайтарып жүргөн, 2013-жылы туулган баланы суунун агымы менен агызып кеткен.

Аны туугандары таап ооруканага жеткиришкен, бирок дарыгерлер бала чарчап калганын айтышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1605