Бишкек-Ош жолунда цемент жүктөлгөн фура оодарылып кетти
RU

Бишкек-Ош жолунда цемент жүктөлгөн фура оодарылып кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

5 - майда эртең менен Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгы катталып, фура оодарылып кетти. Күбөлөрдүн айтымында, кырсык Ноокен районунда саат 10:30дар чамасында болгон.

Анда Volvo жеңил унаа менен cүзүшүп, кагылышуудан качуу максатында фуранын айдоочусу рулду бурганга оодарылып кеткен.

Фура цемент салынган мүшөктөрдү алып бара жаткан, натыйжада жол кырсыгынан ал цементтин бары трассага чачырап кеткен. Башка айдоочулар жана жүргүнчүлөр тазалоого жардам беришти.

Жол кырсыгынан эки киши жабыркады. Алар ооруканага тез жардам менен жеткирилди. Кеп фуранын жана жеңил унаанын айдоочулары жөнүндө болуп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16086