Айнура Сагынбаева: Ушундай орчундуу маселеге көңүл бурдура алганыма сүйүндүм. Видео
RU

Айнура Сагынбаева: Ушундай орчундуу маселеге көңүл бурдура алганыма сүйүндүм. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Косметолог, коуч-психолог Айнура Сагынбаева буга чейин диний багытта пикир айтып, Муфтият тарабынан сын айтылган. Сагынбаева бийлик бутагынын эскертүүсүн туура кабыл алганын, алардын талабына баш ийерин Kaktus.kg сайтына берген маегинде айтты.

"Муфтият башкаруучу орган, ал өзүнүн ишин кылып жатат. Бул органга таарынычым жок, кантип биз бийликке таарынмак элек. Бирок мен жооп да жаздым, кандай болсо дагы маселе калат деп. Бир четинен мени байкаганына сүйүндүм. Ызы-чуу болбосо мени байкакмак да эмес. Мен ушундай орчундуу маселеге көңүл бурдура алганыма сүйүндүм.

Балким Муфтияттын чын эле жумушу көп. Ал үстүдөгү орган болгондуктан, төмөн жакта эмне болгонун көрбөйт, көрбөй калышы мүмкүн. Бирок ылдый жакта укмуш болуп жатат. Мен ошону жеткирейин дедим", - дейт ал.

Сагынбаева анын маалыматы боюнча жаралган талкууну бир ууч топ уюштурган деген пикирин айтат.

"Мен төшөк маданияты боюнча блог алып барам. Баракчама ошол тема боюнча маалымат алам дегендер баш багат. Менин маалыматымдын айланасындагы ызы-чуу эмнеден чыкты? Туура эмес багыттагы адамдар мени байкап калышты дагы "бул элдин башын буруп жатат, элди илимге үйрөтүп, көзүн ачып жатат" деп чуу чыгарышты. Бул бир ууч топтун аракети болду", - дейт.

Учурда психолог катары иштеп, коомдогу көп маселени жакындан көрүп жатам деген Айнура Сагынбаева Муфтиятка кайрылып, бир катар маселелер боюнча өзүнүн тынчсыздануусун да билдирди.

"Диний илими, билими бар адам YouTube`дан "психологдорго барбагыла, динден башка нерсени окубагыла, илим тек гана динде" деп ачык эле чакырык жасап жатат. Ушул сыяктуу эле пикирин дагы бир айым айтып чыкты. Бул деген туура эмес да. Мисалы сабатсыз адам диндин туура эмес багытына түшүп алса эмне болот? Азыр мага социалдык тармактардан "мал, эшек" деп жазып жаткандар бар, баракчасына кирсең "Алла Таала ыйык" деп жазып алышкан. Ошолор диндеги адамдарбы? Ушул нерселер мени ойлондурду. Муфтият ушундайларды көзөмөлдөп, "илим албагыла" дегендерге тыюу салса дейм.

Мен динге каршы эмесмин. Динди бурмалады деп жатышат. Балким мен бир жерден туура эмес сүйлөп алдым, "күнөө эмес" дегенди туура эмсе айтып алдым. Ошол үчүн мени динге кийлгишип жатат деп жаман көрүп жатышат. Эмне үчүн диндеги айрым адамдар медицинага жана башкага кийлигишет? Мисалы эмдөө албагыла дегендер бар. Эмдөө албаса эпидемиялар башталат.

Мен дарыгер катары коркунучтарды жеткире албай жатам, күчүм жетпей жатат. Муфтиятка кайрылуум, суранычым - ушундайларды карап берип койсо.

Мен дагы жөн адам эмесмин, Кудайдын пендесимин. Мен аркылуу Муфтият көрсүн, бийлик көрсүн деп жатам. Менин оозума салып койгон экен ур-тепки жеп жатам", - дейт адис.

Айнура Сагынбаева дарегине карата айтылган сын-пикирлерден, ар кандай басымдардын кийинки пландары менен бөлүштү. Айтымында, психологияны окуп, билимин тереңдетүүнү улантат. Бирок убактылуу айрым нерселерди чектейм дейт.

"Психология боюнча билим алууну улантам. Ошол жаатта иштеп жатам. Психолог-сексолог жана башка багыттар боюнча билим алуудамын. Аялдарды бардык жактан өстүрүү боюнча курстарды өтөм. Бирок азырынча диний темаларды козгобойм. Өзүм үчүн Куранды окуюн деп жатам. Ал эми сексология боюнча маалымат берүүнү кийинкиге калтырам, ал боюнча илимий эмгегим бар. Эгерде кимге маалымат керек болсо курсумду сатып алып, окушсун, мындан ары бекер маалымат болбойт".

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16118