Бишкекте энеси менен кызы өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн
RU

Бишкекте энеси менен кызы өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ибраимов менен Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер тамда энеси менен кызынын жансыз денелери табылган. Божомолдоолор боюнча кызы зордукталган. Бул малыматты Kaktus.media редакциясына күч структуралары тастыкташты.

Алар берген маалыматка ылайык, бүгүн, 12-майда, болжол менен саат 13:00до, Ибраимов менен Жибек-Жолу көчөлөрү кесилишкен жердеги жер тамда 60 жана 25 жаштагы эки аялдын денелери табылган.

Өлтүрүлгөн аялдар энеси жана кызы экенин аныкталган. Айрым маалыматтарга ылайык, аялдар спирт ичимдиктерин ичишчү.

Милиция берген маалыматка ылайык, 31 жаштагы кызды алгач зордуктап, андан кийин энеси экөөнү бычактап салышкан.

Окуя болгон жерде милиция иш алып барууда.

Кийинчерээк редакцияга каза болгондордун туугандары телефон чалып, алар ичимдик ичпегенин билдиришти.

"Апасы катуу ооруп жаткандыктан уулу апасын дарылоо максатында чет өлкөгө иштеп акча тапканы кеткен. Ал ден соолугунун абалына байланыштуу ичимдик иччү эмес", - деп жакындары баса белгилешти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1611