Сүлүктү шаарынын мэри окуучуларга кол көтөргөнү айтылды. Милиция менен мэрдин жообу
RU

Сүлүктү шаарынын мэри окуучуларга кол көтөргөнү айтылды. Милиция менен мэрдин жообу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармакта Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров мектеп окуучуларын сабады деген билдирүү тарап, интернет колдонуучулар тиешелүү мекемелерден расмий маалымат талап кылышты. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы окуя боюнча түшүндүрмө берди.

Маалыматка караганда, 8-майда саат 13:30 чамасында Сүлүктү шаарындагы №1 В.И.Ленин атындагы орто мектептин 11-классынын 4 окуучусу бири-бирине суу чачышып, күрөшүп жаткан.

"Ошол учурда Сүлүктү шаарынын мэри орун басары менен жолдон өтүп баратып, балдарды ажыратмакчы болуп токтогон. Балдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндө окуучулардын бири ага атырылган. Мэр балдарды тынчтандырып, милицияга кабар берген. Милиция кызматкерлери ошол эле замат жерине барып, балдарды Сүлүктү ШИИБине жеткирип, ата-энелери да болгон. Аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн", - дешет башкармалыктан.

Учурда балдар жана мэр тергөөгө суракка чакырылып, өз көрсөтмөлөрүн беришти.

Аталган факты боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Балдардын ата-энеси экспертизадан өтүүдөн жана арыз даттануу менен кайрылуудан баш тартып жатканын билдиришти милициядан. Бул факты боюнча текшерүү иштери уланууда.

Окуя боюнча Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров өзүнүн версиясын айтып, жалган жалаа жабылууда дейт.

"8-май күнү Сүлүктү шаарындагы №1 Ленин атындагы орто мектептин 11-классынын окуучуларынын ортосунда мушташ болгон. Борбордук аянтты жасалгалап жүргөн орун басарым экөөбүз чуркап барып балдарды ажыратканбыз. Милиция кызматкерлери келгенче балдар каршылык көргөзүп, качып кетүүгө аракет кылышкан. Милиция келип, окуучуларды ички иштер бөлүмүнө алып кеткен. Ата-энелерин чакырып түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ал эми мага жалган жалаа жапкан адамдар Сүлүктү шаарындагы көмүр мафиясы экени ачык айкын көрүнүп турат.

Биз 1 айдын ичинде таразаны ишке берип, Сүлүктүдөн канча көмүр чыкканын реалдуу көлөмүн аныктайбыз", - дейт мэр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16131