Бишкекте актёр сабалды. Милиция шектүүлөрдү коё берген (видео)
RU

Бишкекте актёр сабалды. Милиция шектүүлөрдү коё берген (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын тургуну Курсант Наргозиев Kaktus редакциясына кайрылды. Ал Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен ушул эле райондун прокуратурасынын аракетсиздигине нааразычылыгын билдирди.

Наргозиевдин айтымында, анын бир тууганы - актёр жана шоумен Нурлан Рыскелди уулу белгисиз адамдар тарабынан сабалган. Укук коргоо органдары жабырлануучу тараптын сөзүн укпай койгон.

Наргозиевдин айтымында, бир тууганы Нурлан Бишкектеги Чыгыш-5 кичи районунда жайгашкан кафелердин биринде досу менен тамактанып отурган. Аларга жакын отурган белгисиз жаштар өз ара уят сөздөрдү айткан. Нурлан алардан сөгүнбөй сүйлөөнү суранган. Наргозиев иниси соо болгонун, ал эми жаштардан ичимдиктин жыты даана байкалганын белгилейт.

"Нурлан алардан сөгүнбөөнү сурангандан кийин балдар аны сөгүп, көчөгө алып чыгышып, сабай баштаган. Жанындагы досу эч нерсе кыла алган эмес, кийлигишкен да эмес. Мен аны менен сүйлөшө элекмин", - деди Наргозиев.

Нурлан Рыскелди уулу "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жаткырылган. Ал эми окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери кылмышка шектүүлөрдү кармап, Бишкектин Свердлов РИИБине жеткиришкен.

"Эртең менен Нурландын ооруканада экенин билдим, ошол жерден милицияга барсам Байтур аттуу тергөөчү мени укпай, иш боюнча эч нерсе түшүндүрбөй кууп жиберди. Мен ага шектүүлөр 48 саатка камакка алынбаганына арыздандым. Анткени бир адамды эки киши ур-токмокко алды, бул бейбаштык", - дейт Наргозиев.

Ошондой эле прокуратурага арызданарын айтканда тергөөчү мазактап күлгөнүн айтат.

"Мен Бишкектин Свердлов райондук прокуратурасына бардым. Коридорго чыккан жигит тергөөнүн куратору экенин айтып, менин жакыныма кол салуу боюнча иш менен тааныш экенин билдирди. Ал окуя боюнча эч кандай кылмыштын курамын көрбөгөнүн айтып, менин дооматтарыма орой мамиле жасап, бир барак кагазды ыргытып жиберди да, арыз жазуум керектигин айтып кетип калды. Прокуратура кол салгандарды эмес, жабыркагандарды коргой турган көзөмөл органы деп ойлогом", - деди Наргозиев.

Жабырлануучу тарап тиешелүү жогорку органдардан Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин тергөө бөлүмүнүн кураторуна жана милициянын тергөөчүсүнө реакция кылып, чара көрүүнү суранат.

Бишкек шаарынын Свердлов РИИБи окуя боюнча төмөндөгүдөй маалымат берди.

11-майга караган түнү саат 02:00 чамасында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын "102" кызматына белгисиз адам сабалганы тууралуу билдирүү түшкөн.

"Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери дароо барышып, жабырлануучу 1996-жылы туулган Р.Н. экени такталган. Окуянын бардык катышуучулары Свердлов РИИБдин тергөө кызматына жеткирилген.

Бул фактынын негизинде "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда бардык керектүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, экспертизалар дайындалып, жыйынтыгында юридикалык баа берилет", - деп билдирди райондук милиция бөлүмүнөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16135