Афганистанда катуу суу ташкыны 300дөн ашуун адамдын өмүрүн алды
RU

Афганистанда катуу суу ташкыны 300дөн ашуун адамдын өмүрүн алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

БУУнун Дүйнөлүк азык - түлүк программасынын филиалынын маалыматы боюнча, Афганистанда катуу жаандан улам пайда болгон суу ташкыны жүздөгөн адамдардын өмүрүн алып, миңден ашуун үйдү кыйратты дейт Tengrinews.kz

Жаратылыш кырсыктарынан Афганистандын түндүк провинциялары - Бадахшан, Баглан, Гор жана Герат эң көп жабыр тарткан. Алдын ала маалыматтар боюнча, анда кеминде 300 адам каза болгон.

Бул Афганистанда акыркы айларда болгон экинчи кыйратуучу суу ташкыны. Апрель айында нөшөрлөп жааган жамгырдан жана андан кийинки суу ташкынынан 70тен ашуун адам каза болуп, эки миңге жакын имарат, үч мечит жана төрт мектеп жабыркаган.

Бул арада Бразилияны акыркы 80 жылдагы эң катуу суу ташкыны каптады. Кырсыктан кеминде жүз адам каза болду.

Мындай жаратылыш кырсыктар Кытай менен Дубайга да болуп, Кыргызстандын айрым райондорунда да сел жүрдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16137