Байден Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу шартын айтты
RU

Байден Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу шартын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден эгер ХАМАС террордук уюму барымтадагы израилдиктерди кое берсе, Газа тилкесиндеги ок атышууну "эртең эле" токтотууга жетишсе болорун айтты. Бул тууралуу ал ишемби, 11-майда Вашингтон штатында шайлоо өнөктүгү учурунда өткөн иш-чарада билдирди.

Буга чейин израилдик аскерлер РАФАХтын чыгыш бөлүгүндөгү Хамас көзөмөлдөгөн объектилерге так сокку урат деп ишендиришкен. Ал эми Хамастын лидери Исмаил Хания уюм элдешүүгө макул экенин билдирди. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсесинде Хамастын бул чечимин "айла" деп атады.

Билдирүүдө ошондой эле Израиль Рафахтагы операциясын улантат деп чечим чыкканы айтылат.

Рафах шаарында, ар кандай маалыматтар боюнча, бир миллиондон ашык палестиналык баш калкалаган.

Израилдин Газа тилкесине жасаган чабуулдарынан кеминде 34 735 киши набыт болуп, 78 108 адам 7-октябрдан бери жарадар болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16138