Ошто сулуулук салонунун кире беришинде эркек киши жубайын сабап салган. Шектүү кармалды
RU

Ошто сулуулук салонунун кире беришинде эркек киши жубайын сабап салган. Шектүү кармалды

Все самое интересное в Telegram

12-май күнү соцтармактарда бир киши аялга карата зомбулук көрсөтүп жаткан видео тарап кетти.

Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, окуя 10-майдан 11-майга караган түнү саат 02:00 чамасында Фрунзе базарынын аймагындагы сулуулук салонунун кире беришинде болгон.

Бул окуя боюнча Ош ОИИБге кайрылуулар болгон эмес, деп кошумчалашты башкармалыктан.

Бирок видео жарыялангандан кийин окуя үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча катталган.

"Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында окуяга тиешеси бар адамдын өздүгү аныкталды. Бүгүн саат 16:00 чамасында ыкчам кызматкерлер аялга карата зомбулук көрсөткөн 2001-жылы туулган эркекти кармашты. Тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти башкармалыктан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16141