Жаш Гвардиядагы көпүрөнүн астына толгон суудан табылган унаалардын номерлери
RU

Жаш Гвардиядагы көпүрөнүн астына толгон суудан табылган унаалардын номерлери

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Жаш Гвардия бульварындагы көпүрөнүн алдына толгон суудан бир катар унаалардын номерин тапты.

Белгилесек, 12-майда түштөн кийин Бишкек шаарында нөшөрлөгөн жаан жаап, анын кесепетинен Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги көпүрөнүн астына жамгыр суулары топтолгон. "Тазалыктын" кызматкерлери жамгырдын кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүп, бир катар унаалардын мамлекеттик номерлерин табышкан.

Айдоочулар унаанын номерлерин төмөнкү дарек боюнча ала алышат:

Ала-Арча көчөсү, 74а.

Горький көчөсү, 20 (Шаардык МАИ).

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16145