Бишкек-Ош жолуна түшкөн таштар тазаланып, жол бир тараптуу ачылды
RU

Бишкек-Ош жолуна түшкөн таштар тазаланып, жол бир тараптуу ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек-Ош унаа жолу бир тараптуу ачылды. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жолчулар менен биргеликте айдоочулар жолду бир тараптуу ачышты.

Белгилесек, 12-майда саат 17:40 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 410-чакырымында жолго чоң таштар кулап, жолду жаап калгандыгына байланыштуу Кара-Көл шаарынын Туннел посттунан тартып, Таш-Көмүр шаарчасына чейинки (447-495-чакырымдар) аралыгында унаалар токтоп калган.

Мындан улам Бишкек-Ош унаа жолунун дээрлик көпчүлүк бөлүгүнө унаа кыймылына чектөөлөр киргизилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16146