УКМК Бишкектеги массаж салону делген жай сойкукана экенин аныктады
4577
Бишкекте сойкукана уюштурууну аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган системалуу иш-чаралардын алкагында массаж салонуна жамынган сойкукана аныкталды. УКМКдан билдиришкендей, көмүскө жайда 8 кыз иштеп жүргөн.
Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө аталган жайда 8 кыз интимдик кызмат көрсөтүп жүргөндүгү аныкталып, уюштуруучусу Д.А.Д. кармалды.
slide 2 of 4
УКМК интимдик жайларды уюштургандар үчүн кылмыш жоопкерчилиги, ошондой эле сойкулукка тартуу жана аны менен алектенүү үчүн административдик жоопкерчилик каралганын эскертет.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/16151