Камчыбек Ташиев: УКМК кызматкерлеринен коркпогула, мыйзам бузса мага кайрылгыла
RU

Камчыбек Ташиев: УКМК кызматкерлеринен коркпогула, мыйзам бузса мага кайрылгыла

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусунун Кара-Суу районунда болуп, жергиликтүү бийликтин жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. Анда Ташиев кол алдындагылардын арасында мыйзам бузгандар болсо жеке өзүнө кабар берүүнү суранды.

"Баткенде чоң жыйналыш өткөрүп келдим. Ошол жактагы биздин кызматкерлердин арасынан 8 кызматкерди жоопко тарттым. Коррупцияга берилип кетишкен, постторго барып акча чогултушат, ишкерлерден акча алышат. Коркутат-үркүтөт.

Силер УКМКнын кызматкерлеринен коркпогула. Эгер келип коркутса, акча талап кылса мага байланышкыла.

Биз кызматкерлерге мыйзамдын чегинде укук берип жатабызбы, демек, жоопкерчилигин да карайбыз. УКМКнын кызматкерлеринин укуктары кең эмес, каалаганын кыла беришпейт. Буларга да мыйзам бар. Мыйзамды бузса жооп беришет. Ошол үчүн унчукпай отурбай жардам бериңиздер", - деди Камчыбек Ташиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16172