Алымкадыр Бейшеналиев чет элдик студенттерди коопсуздугу үчүн кабатыр болбоого чакырды
RU

Алымкадыр Бейшеналиев чет элдик студенттерди коопсуздугу үчүн кабатыр болбоого чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын чет элдик студенттери менен жолугушуп, окутуу, коопсуздук жана ден соолукту чыңдоо боюнча актуалдуу маселелерди талкуулады.

Министр өлкө өкмөтү бардык жарандардын, анын ичинде чет элдик студенттердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатканын жана аларга сапаттуу медициналык жардам алууга кепилдик берерин баса белгиледи.

Маалыматка ылайык, Бейшеналиев студенттерге абал көзөмөлдө экенин, алардын ден соолугуна жана коопсуздугуна эч кандай коркунуч жок экенин билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16195