Желим отургучтан жасалган майыптар үчүн коляска өлкөдөгү медицинанын абалын айтууда
RU

Желим отургучтан жасалган майыптар үчүн коляска өлкөдөгү медицинанын абалын айтууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарда кыргыз тилдүү колдонуучулардын арасында жайылган сүрөт. Көпчүлүктүн көңүл чордонунда. Бул сүрөттү Ош шаардык ооруканасынан Facebook колдонуучусу тартып жарыялаган

Сүрөттөн майыптар үчүн жасалган колясканын отургучу жок болгондуктан, желим отургучка алмаштырылганын көрүүгө болот.

Анткен менен Ош шаардык ооруканасынан бул атайын оорулууларды жуундурганда колдонуучу коляска, мындан башка жөнөкөй коляскалар дагы бар деп маалымдашты.

"Ош шаардык клиникалык ооруканада желимден жасалган ушул эле коляска бар. Анткени бул жерге ар кандай оорулуулар келет, айрым учурда үй жайсыз калган кир адамдар дагы келип түшөт. Мындай учурда, албетте, биринчи жаржамды көрсөтүү үчүн жуунтуп тазалап алабыз. Сүрөттөгү колясканы ошол учурда гана колдонобуз".-деп оорукананын өкүлү билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1619