Кыргызстанда үч адамдан күйдүргү аныкталды. Дагы бирөө шек менен ооруканада жатат
RU

Кыргызстанда үч адамдан күйдүргү аныкталды. Дагы бирөө шек менен ооруканада жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда күйдүргү жугуштуу оорусу үч адамдан аныкталды. Дагы бир адамдан күйдүргүнүн белгилери табылып, текшерүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Kaktus.kg редакциясына Республикалык карантин жана өзгөчө кооптуу оорулар борборунун директору Нурболот Үсөнбаев маалымдады.

Ооруган малды союшкандар

Бейтаптар илдетти ылаңдаган малды союп жатканда жуктуруп алышкан. Алардын колдору мал сойгондон кийин ылаңдап баштаган. Республикалык карантин жана өзгөчө кооптуу оорулар борборунун директору Нурболот Үсөнбаев алардын бири үй шартында ар кандай ыкма менен даарылайм деп абалын күчөтүп алганын айтты.

"Жалал-Абад облусунун Сузак районунда ылаңдап калган торпокту союшкан. Анын этин элдерге таратып жиберишкен. Кошуналары алып кеткен. Эми, алыс барбайт да. Ошонун арасынан мал сойгондордун манжаларына жара чыгып, ошол жерде эле даарыланган. Бирөөсү дагы деле дарыланып жатат. Ар кандай дарыларды өз алдынча колдоно берген да, ооруну бирөөсү күчөтүп алган. Мындан улам Жалал-Абаддан Бишкекке келип, анализин текшерип жатып аныктап чыктык. Бүгүнкү күндө, мындайча айтканда ал жарасын ырбатып алган. Мына ошол илдеттен дарыланып учурда сакайып келе жатат. Көзөмөлдө кармап турабыз. Мындан тышкары дагы бирөөсү күмөн болуп турат", - деди ал.

Козуга сүт берип жатып жуктуруп алган

Учурда Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында дагы бир бейтап күлчө илдетин жуктурду деген шек менен жатат. Ал 17 жаштагы кыз. Дарыгердин айтымында, базардан сатып келген кичинекей козуларга кыз сүт берип жатканда жуктуруп алган болушу мүмкүн.

"Учурда биздин бөлүмдө сибирь жарасына (күйдүргүгө) шектелген бейтап жатат. Анын бүгүнкү абалы канааттандырарлык. Даттануулар жок, дене табы көтөрүлбөй эле. Анализдин жыйынтыгында кыз оозунан кан аралашкан жарасы бар оорулуу козуларга сүт берип жатып жуктуруп алган", - деди бөлүм башчы Ольга Журавлева.

Ооруган малды союп, сатып салууга шашышат

Республикалык карантин жана өзгөчө кооптуу оорулар борборунун директору Нурболот Үсөнбаев коомдо ооруган малды өлө элегинде союп, кошуналарга таратып же этин сатып салган учурлар кездешет. Ошондон улам, коопту жагдай орун алат дейт ал.

"Бир көйгөйүбүз бар да мал ооруп калган учурда ветеринардык кызматкерлерди чакырып, көрсөтүш керек. Көп учурда текшертишет. Бирок, айрым учурда ооруган малды тезирээк союп, ары-бери таратып жиберүүгө аракет кылгандыктан акчага же малга сатып жиберүү, ортомчулардын этти сатып жиберүүсү орун алууда. Мына, ошолор аркылуу кооптуу жагдай түзүлүүдө.

Эт алып жаткандар деле сертификатын же ветеринардын справкасын сурап койсо болот да", - деди ал.

Күйдүргүнүн саны көбөйүшү мүмкүн

Азыр ал малдын этин жегендер жана бул адамдар менен байланыш болгондордун баары текшерилип жатат. Алар каттоого алынып, ооруган малдын этин жегендер да көзөмөлдүн үстүндө.

Дарыгер бул сандар өспөйт деп эч ким кепилдик бербейт дейт. Себеби, азыр жаан көп жаап, буга чейин оорулуу малдарды көөмүп салган жерлер ачылып, суу менен өсүмдүктөргө тарап жатат.

"Быйыл жаан-чачын көп, ачылып калган очоктор бар болушу керек. Мына ошого байланыштуу эртерээк болуп калып жатат. Анткени, кээде чөп-чардан да жугат. Ошондуктан, эрте - февралдарда да катталып калган учурлар болду. Анан апрель майда да катталды. Келе жаткан айларда малдын баары жайытка чыгат. Анда да катталышы мүмкүн. Буга кепилдик жок", - деп сөзүн жыйынтыктады Нурболот Үсөнбаев.

Сибирь жарасын (күйдүргүнү) кандай учурда жуктуруп алышыңыз мүмкүн:

  • Ылаңдаган айыл чарба жаныбарлары менен оокат кылганда;
  • Булганган объектилер – колдун жарааттары жана жаракалары аркылуу;
  • Булганган этти, сүттү же жетиштүү термикалык жактан тазаланбаган сууну ичкенде;
  • Аба аркылуу дем алуу, курт-кумурскалар чакканда;
  • Жугуштуу илдеттин клеткалары сууда узак убакыт бою сакталып калышы мүмкүн, ошондой эле кыртышта, кээде жүз жылдан ашык өлбөй сакталат.

"Күйдүргүнүн козгогучтары дем алуу менен же денедеги кесиктер аркылуу организмге киргенде көбөйүп, токсиндерди чыгарат. Мал жандыктардын азыгында да күйдүргүнүн козгогучтары пайда болушу мүмкүн. Мындан улам, ылаңдаган малдын этин, сүтүн колдонууга болбойт. Адамдар ылаңдаган малды союуда т.а анын каны, жүнү, сөөгү менен карым-катнашта болгондо жугузуп алат. Сибирь жарасын лабораториялык кырсыктардан улам да келип чыгышы мүмкүн", - деп эскертишет дарыгерлер.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16217