Сооронбай Жээнбековдун жактоочусу Аспековдун 10 млн доллар боюнча билдирүүсүнө үн катты
RU

Сооронбай Жээнбековдун жактоочусу Аспековдун 10 млн доллар боюнча билдирүүсүнө үн катты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун жактоочусу Асылбек Кочкоров коомдук активист Мелис Аспековдун, президенттик шайлоонун алдында Садыр Жапаров, Жээнбековдордон 10 млн доллар алган деген айыптоосу боюнча Kaktus.mediaга маалымат берди.

"Өзүңүз көргөндөй алдамчылыкка шектелип камоодо жаткан Мелис Аспеков, социалдык тармактар аркылуу Жээнбековдор, Жапаровдун шайлоо кампаниясы үчүн 10 млн доллар каражат берген деп жарыялап чыкты. Ар бир эле акылдуу адамга Аспековдун чуулгандуу өмүр баянын окуган соң түшүнүктүү болот болуш керек. Анткени бул адам өзүнүн шылуундугу менен атагы алайга, даңкы далайга белгилүү. Жакынкы арлыкта мындай айыптоосу үчүн сот алдында жооп берет деп үмүттөнөм",-деди Кочкоров.

Өзүн коргош үчүн ар кандай айла амалды колдонгусу келип жатат жана эски адатын карматып жалаа жапканга өттү. Аспековдун билдирүүсү көрүнүп тургандай эле караандай калп.

Кочкоров кошумчалагандай, Аспековду мындай жалаасы үчүн сотко берүүгө ниеттенип жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1621