"Мекенди сатып жатасыңар". Парламентте депутаттар уруша кетишти
RU

"Мекенди сатып жатасыңар". Парламентте депутаттар уруша кетишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин жыйынында депутаттар Ысык-Көлдө чет элдиктерге мейманкана жана пансионат курууга уруксат берген мыйзам долбоорун карашты.

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев мыйзам долбоору Ысык-Көлгө инвестиция тартууга жардам берерин айтты.

"2004-жылы эс алуучу жерлер сатылбай турган мыйзам кабыл алынган. Анын нормаларына ылайык чет өлкөлүк жарандарга рекреациялык объектилерди, туристтик инфраструктураны берүүгө жана менчикке берүүгө болбойт. Алар министрлер кабинет тарабынан аныкталган тартипке ылайык, мөөнөттүү пайдалануу укугунда гана ала алышат. Сунушталган мыйзам долбоору чет өлкөлүк жарандарга чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу максатында рекреация объекттерине менчик жана пайдалануу укугун берүүнү сунуш кылат. Бул Кыргызстандын туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн дүйнөлүк рыногуна чыгуусуна жана жалпысынан Ысык-Көлдүн экологиялык-экономикалык системасын олуттуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт", - деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов бул демилгеге каршы чыкты. Ал Ысык-Көлдөгү жерлер сатыла башташы мүмкүн деп эсептейт. "Бул мыйзам долбоору менен сиз мекенди сатып жатасыз", - деди депутат.

Түлөбаев кесиптешинин сөзүнө нааразы болуп, аны сотко берем деди. Буга Айжигитов "башкача баа берилбейт" деп жооп берди. Андан соң экөөнүн ортосунда оозеки уруш чыгып, Айжигитов отурумдан чыгып кетти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16241