Иса Өмүркүловдун уулу сүзүп кеткен кыз кандай травмаларды алган?
RU

Иса Өмүркүловдун уулу сүзүп кеткен кыз кандай травмаларды алган?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Иса Өмүркуловдун уулу коюп кетип, жаракат алган кыз Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунан медициналык жардам алган. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына Саламаттыкты сактоо министригинин пресс-борбору кабарлады.

"Чоң кыздын баш мээси чайкалып калган. Амбулатордук жардам алды. Бирок ооруканага жаткан жок. Зарылчылык пайда болгон жок", - деп айтып беришти.

Эске салсак, парламентарий Иса Өмүркүловдун уулу Азамат, 15-майда, Токтоналиев менен Масалиев (Түштүк магистраль) көчөлөрүнүн кесилишинде велосипедчи кызды коюп кеткен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1627