Нарында калдык ташыган "Росатомдун" унаасы сайга кулады. Сүрөт
RU

Нарында калдык ташыган "Росатомдун" унаасы сайга кулады. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш айылында калдык ташыган унаа сайга кулап кеткен. Жергиликтүү тургундар жүк ташуучу унаа "Росатом" ишканасына тиешелүү экенин айтып, кооптонуусун билдиришүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Миң-Куштагы "Туюк-Суу" калдык сактоочу жайындагы рекультивация иштерин жүргүзүп жаткан "Росатомго" таандык унаа 1-июнда көпүрөдөн кулап кеткенин тастыкташты.

"Howo унаасы бош болгон, калдыкты төгүп кайра келе жатканда кырсыкка кабылган. Учурда ӨКМнын Калдык сактоочу жайлар менен иштөө департаменти тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат. Унаа кулаган жайда дезифекция иштери жүргүзүлүп, адистер радиацияны өлчөгөн, ченеми нормадан ашкан эмес. Суудан, топурактан үлгү алынган, корутундусу чыга элек. Бүгүнкү күндө жеринде абал туруктуу, кооптонууга негиз жок", - дешти мекемеден.

"Рекультивация иштери жүргүзүлбөсө жер көчүү коркунучу бар жерлерде кооптуулук күчөйт. Ошондуктан мындай жайларда зыянсыздандыруу иштери жүргүзүлөт. Миң-Куш айылындагы "Как" калдык сактоочу жайы жеринде зыянсыздандырылды, "Талды-Булактагы" уран калдыктары "Дальнееге" көчүрүлүп бүттү. Ал эми "Туюк-Суудагы" уран калдыгын сактоочу жайдан уран калдыктары "Дальнееге" көчүрүлүп жатат, рекультивациялоо иштери 2023-жылы башталган, быйыл күз айларында толугу менен бүткөрүлөт", - деп кошумчалашты ӨКМдан.

Ал эми кырсыкка кабылган жүк ташуучу унаанын айдоочусунун абалы туруктуу, учурда иш ордунда экени белгилүү болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16282