Желекти өрттөшкөн. Сузакта "Хизб ут-Тахрир" уюмунун көмүскө түйүнү аныкталды
RU

Желекти өрттөшкөн. Сузакта "Хизб ут-Тахрир" уюмунун көмүскө түйүнү аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда аялдардын көмүскө диний-экстремисттик түйүнү аныкталып, 6 адам кармалды. Бул туурасында УКМКдан кабарлашты.

Маалым болгондой, 30-майга караган түнү Сузак районунун Бек-Абад айылында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желектерин атайылап өрттөп жок кылып, анын ордуна арабча жазуулары бар ак тууларга алмаштыруу фактысы катталган.

Буга байланыштуу 1-июнда УКМК менен ИИМдин биргелешкен иш-чараларынын натыйжасында мамлекеттик символикаларды өрттөөнүн уюштуруучулары аныкталды. Алар Сузак районунун Бек-Абад айылынын 19 жана 16 жаштагы тургундары, "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрү болуп чыкты.

19 жаштагы А.К.М. 2022-жылы аталган экстремисттик уюмдун катарын толуктап, ант берип, 2023-жылдын жаз айларында Бек-Абад айылынын тургундарын өз алдынча уюмга тарта баштаган. 2023-жылдын күзүндө 16 жаштагы А.Н. аттуу кызды шерик кылып алган.

Маалыматта айтылгандай, 19 жаштагы кыз ушул жылдын январь айынан бери желектерди алмаштыруу жана өрттөөнү ойлоп, бул тууралуу өзүнүн окуучусуна билдирген.

"Кыздар кылмыштуу ниетин жасоо максатында 2024-жылдын жаз айларында Жалал-Абад шаарындагы базарлардан ак кездеме, кара маркерлерди сатып алышкан. 29-майда ак желектерди даярдашкан.

Бек-Абад айылындагы №4, №88 мектептин башкы дарбазаларында, ошондой эле уюлдук оператор мунарасында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желектери алмаштырылган. Андан соң Бек-Абад айылындагы М.Сыдыков жана Ураимжан Ата көчөлөрүнүн кесилишинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желектерин өрттөшкөн.

19 жаштагы А.К.М`нын кылмыштуу пландарынан жакындары кабардар болгон, алар дагы "Хизб ут-Тахрир" мүчөлөрү экени такталды", - дешет комитеттен.

Факты боюнча 19 жаштагы кыз, кыздын апасы T.M.Y. жана агасы А. уулу А. жана 16 жаштагы окуучусу кармалды. Ошондой эле экстремисттик адабиятты үгүттөгөн деп 2 киши кармалды. Кармалгандардын бардыгына тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмуна мүчө болгон деген айып тагылды. Өрт коюуну уюштургандарга мамлекеттик символикаларды жок кылуу боюнча да айып тагылды.

Коопсуздук комитеттин маалыматы боюнча, 19 жаштагы кыздын атасы мурда экстремисттик материалдарды сактагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Учурда Россия Федерациясында иштеп жатат.

Ал эми 16 жаштагы А.Н. тууганынын (таякеси) камкордугунда өскөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16301