Акылбек Жапаров: "Кумтөрдө" башкаруу жок. Мөңгүлөргө көзөмөл жүргүзүү системасы өчүк
RU

Акылбек Жапаров: "Кумтөрдө" башкаруу жок. Мөңгүлөргө көзөмөл жүргүзүү системасы өчүк

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 17-майда, Жогорку Кеңеште кезексиз жыйын өттү. Жыйынга төрага Улукбек Марипов жетектеген министрлер кабинетинин толук курамы, төраганын биринчи орун басары Артем Новиков, башкы прокурор Курманкул Зулушев жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.

Күн тартибинде "Кумтөр" алтын кенине жана чек ара көйгөйүнө байланышкан маселелер.

Жыйынды ачып жатып, парламенттин спикери Талант Мамытов Жогорку Кеңешке жаңы депутат Өскөнбай Жээнбаев келгенин маалымдап, аны трибунага ант берүүгө чакырды.

Кумтөр боюнча комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров жума күнү мөңгүлөргө көзөмөл жүргүзүү системасы өчүп калып, алтын кенде иштегендердин өмүрүнө коркунуч туудурганын билдирди.

"Бүгүн, Кумтөрдө башкаруу жок. Алтын кенде адистер, орто звенодогу кызматкерлер иштеп жатышат, бирок "Кыргыз Голд компанинин" жетекчилери жок. Айрымдары 50 күн мурун чыкса, башкалары акыркы 2-3 жумада өлкөдөн кетишкен. Санкцияга туура келбеген өчүрүү биздин укук коргоочу органдарыбыз тарабынан каралууда. Биз аны калыбына келтирип жатабыз. Бирок бүгүн, саат 15:00го чейин тиешелүү чечим кабыл алууну суранабыз. Кандай чечим экенин өзүмдүн докладымда айтам", - деди депутат.

Андан кийин ал кесиптештерине алтын кен жөнүндө тартылган тасмага көңул бурууну суранып, андан кийин комиссиянын корутундусуна көңүл бура тургандыгын айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1630